Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

“КЕРЕМЕТ ҮКӨК”: НАЗЫМ ХИКМЕТТИН “УНУТУЛГАН АДАМЫ”


Эртең жана бүрсүгүнү кыргыз Улуттук драма театрында кыргыз Эл артисти маркум Алмазбек Сарлыкбеков даярдап жаткан түрк акыны Назым Хикметтин “Унутулган адам” спектаклинин бетачары өтөт.

Кыргыз республикасынын Эл артисти маркум режиссер Алмазбек Сарлыкбеков сахнага даярдап жаткан түрк акыны Назым Хикметтин “Унутулган адам” драмасынан дагы бир унутулган адамдын монологун угалы. Ролдо кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайкүл Алсеитова:

...- Мени да унутушту... Эмне кылыш керек? Жашаш керек... Узак-узак катары менен тизилген күндөр, узакка созулган түгөнбөгөн кечтер менен жашайбыз... Ичер суу, көрөр күнүбүз бүткөндө өлүмгө моюн сунабыз. Анан Кудайдын бизге боору ооруп, биз табыттын артында жатканда ыйлаганыбыз, кыйналганыбыз жөнүндө айтып кейийбиз...Анан Кудайдын бизге боору ооруп, жаркыраган кооз турмушту көрөбүз... Мен буга ишенем... Ишене берем...

Түрк акыны Назым Хикметтин “Унутулган адам” драмасы боюнча алгачкы спектакль 1969-жылы Улуттук академиялык драма театрда режиссер Жалил Абдыкадыров тарабынан чоң резонанс менен коюлган эле. Ошондон бери коюла элек бул аталган чыгарма 6 ай убакыттан бери эл артисти, КМШ өлкөлөрүнө кеңири белгилүү режиссер Алмазбек Сарлыкбеков тарабынан сахнага даярдалып жаткан. Негизи спектакль даяр болуп калган эле. Назым Хикметтин “Унутулган адамы” кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналып, Сатыбалды Далбаев мында башкы каарман доктордун ролун ойнойт:

- Ушинтип капыстан абдан таланттуу режиссерубуздан айрылып калдык. Бетачарга эки-үч күн эле калган эле да. Бирок спектаклди Алмаз Сарлыкбеков толук даярдап кетти.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Зухра Жамангулованын пикиринде режиссер Алмазбек Сарлыкбеков Назым Хикметтин “Унутулган адам” драмасын кыргыз сахнасына бүгүнкү күндүн өңүтүнөн, бүгүнкү күндүн талабынан карап, өзүнчө режиссерлук кошумчалоолор менен алып чыкканы жаткан:

- Драмада үйбүлө проблемалары, жеке адам менен коомдун мамилеси, адамдар тарабынан унутулгандардын проблемалары козголот. Мына ушул проблемаларды режиссер Алмазбек Сарлыкбеков бүгүнкү күндүн проблемаларынан көрүп, бүгүнкү көрүүчүгө жеткиликтүү болгудай даярдады.
XS
SM
MD
LG