Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

11:11 Саясий партиялар Шайлоо кодексин өзгөртүүгө кызыкдар


Мындай сунушту камтыган кайрылууну ондон ашык саясий партия менен бир нече бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңеш менен БШКга кечээ жолдошту. Ал партиялардын бири-“Ар намыс” партиясынын Бишкек шаардык уюмунун жетекчиси Виталий Искаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кайрылууда Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн БШКда түзүлгөн жумушчу топко саясий партия менен бейөкмөт уюмдардын да өкүлдөрүн кошуу талабы жазылган. БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоону да партиялык тизме менен жүргүзүү тууралуу жобону Шайлоо Кодексине киргизүү тууралуу “Ак жол” фракциясынын депутаты Санжар Кыдыралиев тарабынан даярдалган мыйзам долбоору боюнча жумушчу топ түзгөн болчу. “Ар намыс” партиясы Шайлоо Кодексине участкалык комиссияларды түзүү жана анын иши тууралуу жобону өзгөртүүнү сунуштап, комиссия мүчөлөрүн тандоодо саясий партия менен бейөкмөт уюмдардын ролун жогорулатууну сунуштап жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG