- Июнь айынан тарта Бишкектеги унааларда жүрүү акысы кымбаттап, пенсионерлерге мурда берилип келе жаткан жеңилдиктер жоюлду. Шаардык бийлик жеңилдикти монитизация, же башкача айтканда акчалай төлөп берүү менен алмаштыруу менен убада кылган эле. Сиз катардагы шаардык пенсионер катары айтсаңыз, же сиздин тааныштарыңыз ушул ай башынан бери атайын транспортто жүрүү акысы үчүн деп белгиленип, канча сом пенсияга кошулду?
- Айтып коелу, карыган адамдарга камкордук көрүү бул адам баласындагы эң ыйык жана эң чоң маселе. Карылдардын турмушу биздин өлкөбүздө өтө оор. Ошого байланыштуу бизде анализдер жок, жылда анализ кылып турчу эле, кийинуи убакта болбой калды. Бүгүнкү күндө минималдык пенсия 300 эле сом. Бул эмнеге жетет? Орточо пенсиябыз минималдык керектөө бюджетинин көп эле болсо 20-30 пайызын түзөт. Албетте карылардын турмуш өтө оор. Ал эми ошого жараша кийинки убакта тарифтердин көбөйүшү электр энергиядагы, ал эми транспорттон льготалардын алып коюу, булардын бардыгы карылардын жүрөгүнө катуу тийди. Аларды дагы ойлонуп туруп жасаш керек эле. Өзүңүздөр билесиздер, мындай иштер монитралык маселе деп Россияда караган, алар дагы көпкө чейин талаш-тартышта жүрүп атты. Ошондуктан карыларга мамиле кылыш бүгүнкү күндөгү биздин жасап аткан иштерибиз турмуштарына жакшылык алып келген жок. Кийинки убакта анча-мынча пенсияны жогорулаттык деп кыйкырып атабыз. Ал эми эң керектүү баалардын өсүшүн карагылачы, булар 4-5 эсе тез өсүп атат. Демек биздин пенсионерлердин пенсиясынын анча-мынча көбойгөнүнө карабастан, алардын керектөө, алуу мүмкүңчүлүктөрү алда канча төмөндөп кетти.
- Эки жылдан бери эле жалпы дүйнө жүзүндө азык-түлүк Жана башка баалар көтөрүлүп атат. Бирок кээ бир өлкөлөр кымбатчылыктан калыкын коргоп калуу үчүн түрдүү ыкмаларга барып атышкан мезгилде, бизде тескерисинче коммуналдык кызмат акыларды көтөрүү менен карапайым калктын жашоосун ого бетер кыйындатып атат деп байкоочулар айтып атышат. Коммунисттер партиясы ушуга байланыштуу пикир, сунуштары барбы. Кантип колго алса болот?
- Бизде дайыма болуп келет, айтып келатабыз. Маселен айтып коелу, бүт коммуналдык турмуш энергетикага байланыштуу. Булар бир колдо болуп, бүгүнкү күндө биздин Кыргызстандагыдай арзан энергия жок эч жерде. Бул кудай элибизге берген байлык. Токтогул каскадындагы ар бир киловатт саат электр энергиянын баасы өткөн жылы 4 жарым тыйын эле болду, ал эми 63 тыйындан сатып атабыз, кайда кетип атат калган акчалар. Биз ошону айтып атабыз. Мына ошонун баары биригип турса, анан жылытууга, сууга кеткен акчаларды ошонун эсебинен жаап, анан элибизге жардам берип тураса абдан жакшы болот эле да. Мына өнүккөн өлкөлөрдө пенсионерлерге ушуга окшогондор бекер берилип атат. Анан эмне үчүн бизде андай болгонго мүмкүн эмес.
- Маегиңизге чоң ырахмат.