Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

ЖАҢГАК УЮЛУН УУРДООНУ ТОКТОТЧУ БИРӨӨ БАРБЫ?


Жалалабат облусунун токойлорунда жаңгак уюлдарын уурдоо тыйылбай жатат. Эки айдын ичинде Арстанбап токоюунда жаңнгактын 13 уюлу уурдалган. Токойго жасалган мамилеге нааразы болгон бир нече киши облбийликке келип, токой жетекчилиги алмашканда гана жаңгак уурулугу токтоорун билдиришти. Облустук токой башкармалыгы жогоркудай маалыматты төгүндөп, токой коргоо ишин саясатка айландырбоого чакырды.

Ардагер Тенти Калдарбаев соңку он жылдан бери токой коргоо талабы менен 28 жерге кайрылган, бирок, алардын биринен да мандай жылыткан жооп алган эмес. Анын айтымында токой дарактарын кыюуну токтотуу жөнүндөгү президенттин жарлыгынан кийин деле абал өзгөрүп кеткен жери жок. Баштагыдай эле тармакка жетиштүү көңүл бурулбай, жаңгак уюлдарын уурдоо улантылып жатат. Жаңгактан сырткары не бир түрдүү дарактар менен өсүмдүктөргө жана жаныбарларга жасалган өгөй мамиле өкүндүрөт:

- Арсланбап токой чарбасындагы 2008-жылдын апрель-май айларында 13 кап казылып, уурдалып кеткен. Эл ошонун аркасында чуркаганы чуркаган. Эч ким акыйкат, адилет чечпей жатат, бул үчүн күрөшкөн адам жок. Токой кыйылып, казылып, уурдалып кетип атат. Муну кидер токтотууга алы жетет. Элдин сөзүн эч ким укпагандыктан, мен 3-4 жолу кат жазып, айкыйкатуулук, адилеттүүлүктү издеп таппадым,- деп айтты облбийликке Базаркоргон районундагы Арстанбап токой чарбасынан келген Тенти Калдарбаев.

Анын оюн Акимжан Абжапаров аттуу карыя улантты. Карыянын белгилешинче жаратылышты коргоо ишине жетекчилер жетиштүү көңүл бурбай калышты. Зыяндуу курт-кумурскалардан дарылоо иштери толук жүрбөгөндүктөн токойлорго мите түшүп, андан түшүм алуу арсар абалда. Жаңгак уюлдарын уурдоону токтотуу үчүн башкармалыктын жетекчилигине тармакты мыкты билген адамды коюу керек- деп эсептейт Акимжан Абжапаров:

- Токой чарбасынын абалы өтө оор маселе. Өкмөт башчылары эч ким кызыкпай, көңүл салбай атат. Кайда барып, кимге айтышыбызды билбейбиз. Айтсаң тыңшабайт. Жалалабат облусунун мурунку управление башчысы Маразаков Максат деген токойдун чырпыгына тийгизбейт эле.

Мындай айыптоолорго облустук токой Башкармасы Рустам Анарботоев макул болгон жок. Анын айтымында жыл башынан бери Арстанбап токой чарбасында бир, облус токойлорунда жети жаңгак уюлу кыркылган. Ууруну колго түшүргөн токой деректири туш-тараптан текшерүүгө алынды. Жаңгак уюлдарын уурдоо кескин азаюуда. 2007-жылы уурдалган 53 уюлга байланыштуу кылмыш иштин 35и кыскарып кеткен. Сузак районунда уюл менен кармалган эки киши соттолгон. Айлыгы аз токойчулардын жумушу оор. Үч миңден беш миң гектарга чейинки токойду корууга милдет алган адамдын бардыгына жетишүүсү мүмкүн эмес деди Рустам Анарботоев:

- Кап менен колго түшкөндөрдүн барын коюп жиберип отурсак, кап токтойбу, токтобойбу. Мына ушул фактылардын бардыгынан жер-жерлердеги бийлик талашкан, токой чарбаларына келебиз деген адамдар колдонуп атат. Токойду 10 күн ичинде кыдырып чыгышка мүмкүн эмес. Токойчу ары жагынан кирип, бери жагынан чыкканда деле бери жагынан кесип тура беришет. Көпчүлүк айтат, токойчу аралашпаса кайдан кесилет бул кап деп. Эмне үчүн анда токойчуларды отургузбайт. Биз кармап берген адамдардын бирин отургузган жок. Ошол саткан адамды отургузуш керек. Ошол убакта миңдеген каптар кеткен.

Аталган райондун Могол айылынын жашоочусу Канты Базарбаева токой аймагындагы калктын жашоосуна нааразы болду:

- Токойду карасаң бир жагынан кыйып атат. Эл эмне жейт, муну ойлогон өкмөт деле жок деп ойлонуп калдык. Ушундай жашоо болуп турса, Кыргызстанды таштап эле башка жака качып кетишке туура келип калды. Биз балабызды Россияга жөнөтүп коюп, ошондон келген тыйын тыпыр менен жашап атабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG