Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

АРДАГЕРЛЕРДИН АРМАНЫН КИМ УГАТ?


Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында элүүгө чукул эмгек арадгерлери митинг өткөрүштү. Алар өкмөттөн жана шаар бийлигинен коомдук транспортто бекер жүрүүнү, коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылышты. Ардагерлер азык-түлүктүн кымбатташы менен жашоо-тиричиликтеринин оордогонун айтышып, мамлекет пенсияны жогорулатуу керектигин айтышты. Ал эми шаар мэри Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, ардагерлерге бийлик тарабынан жардамдар көрсөтүлүп жатканын, жаңыдан киргизилген 200 сомдук жол киреге берилүүчү жөлөк пул ардагерлерге жетиштүү болоорун билдирди.

Лидия Фомова атындагы социалдык жактан коргоо коомдук фондунун жетекчиси Зинаида Зажигаева эмгек ардагерлердин коомдук транспортто бекер жүрүүнү, коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик берүүнү талап кылышып митинг өткөрүлө тургандыгын алдын ала өлкө башчысына, өкмөткө, парламент төрагасына, шаар мэрине кайрылышканын билдирди. Анын айтымында, пенсионерлердин көйгөлүү маселелерине, жашоо шартына бийлик тарабынан бирө жарым келип сурап кызыкмак түгүл эч кандай көңүл бурушкан жок.

Эгерде кыргыз бийлиги ардагерлердин жашоо шартын жакшырта албаса Орусиянын коргоо министрлигине ооруктун жана согуштун ардгерлерин камкордукка алуусун өтүнүп кайрылабыз, дейт Зажигаева.

- Эгерде Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, оорукта медалга татыктуу болгондорго, Ленинград блокадасынын катышуучуларына кандайдыр бир жардамдар берилсе, согуш маалында 10-12 жашында станокто, оор жумуштарда иштегендерге такыр эле көңүл бурулбайт. Бул муун таптакыр эле унутулуп калды. Булардын кейиштүү абалына карап туруу өтө оор. Алар көздөрүнө жаш алып мамлекетке нааразы болуп турушат.

Зинаида Зажигаева белгилегендей Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги эмгек ардагерлердин көйгөйүн чечмек түгүл, алар менен жолугушуудан баш тартышууда. Пенсионерлерге коммуналдык төлөмдөр үчүн кошумча 220 сом жөлөк пул менен алардын муктаждыкатырн чечүү мүмкүн эмес, дейт Зажигаева.

Эмгек ардагери Чыныбек Айткуловдун көз карашында мамлекет тарабынан ардагерлерге жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү тууралуу жакшы эле аракеттер көрүлүүдө. Бирок аны ортодогу чиновниктер аткарбай жатышат.

- Азыр президент Курманбек Бакиевдин ардагерлерге карата жакшы эле жардыгы чыгып жатат. Ал эми бул жакка келгенде ал жардыктар аткарылбай ортодо эл кыйналып жатат. Ошондуктан эл ошол жардыктардын аткарылышын талап кылышууда. Бирок аны ортодогу кызматтагылар аткарбай жатышат.

Ал эми эмгек ардагери Орозкан Мамбеталиева кийинки мезгилдеги азык-түлүктүн кымбатташы пенсионерлерге абдан оор сокку болду, дейт.

- Ушул келген кары адамдар менен сүйлөшкөндө, бир жылдап эт көрбөй жалаң “Галина бланка” менен сорпо жасап жатабыз деди. Эми жок дегенде коомдук транспортто жүрүүнү бекер кылып, коомуналдык кызматка төлөмдөрдү арзандатса жакшы болот эле.

Бишкек шаарынын басма сөз кызматынын айтымында, Мэр Данияр Үсөнов шейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, эмгек ардагерлери үчүн 200 сомдон жөлөк пул берилерин, бул каражат коомдук транспортто жүрүүгө кенен жетерин билдирген. Мэр үстүбүздөгү жылы шаар бийлиги дагы жөлөк пулга 58 млн. сом каражат бөлүүнү караштырып жатканын кошумчалаган. Ал ошондой эле шаардык кеңеш муздак сууга төлөмдөрдү 3 сомго чейин көтөрүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Буга чейин шаар тургундары муздак сууга 1 сом 90 тыйындан төлөп келген.

Ал эми эмгек ардагери Ажыбай Иманалиев шаар башчысы ардагерлердин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деген көз карашта.

- Шаардын мэри эмне кааласа ошону жасап жатат да. Бул элдин кызыкчылыгын караган эмес. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп келатат. Эми биздин эптеп эле “жашоо” деген аты эле бар. Мисалы үчүн мен 1166 сом алам. Жөлөк пул 55 сом төлөйт. Аты эле бар пенсионер деген. Убугында бекер эле иштептирбиз да.

Ажыбай Иманалиев азыркы пенсия төлөмдөрү эч нерсеге жетпестигин, эптеп эле күнүмдүк жашоо “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген ыргакта өтүп жатканын кошумчалады.

Лидия Фомова атындагы социалдык жактан коргоо коомдук фонду уюштурган митингке расмий бийликтен бирөө жарым келип кызыгып да коюшкан жок. Митингди уюштуруучулардын айтымында, коомчулуктун көңүлүн буруп, ардагерлердин көйгөйүн чечүүгө бардык аракеттер көрүлөт.

XS
SM
MD
LG