“Манас” эл аралык аэропортунун курамына кирген “Казарман” аэропорту иштетүүгө 1984-жылы берилген. Бирок, акыркы он жылдан бери кардардын жана жүктүн жоктугунан улам иштебей турган. Эми “Бишкек-Казарман-Бишкек” авиарейси кайра жандангандыгына байланыштуу жумасына бир жолу учактарды кабыл ала баштайт. Учууну “Кыргызстан аба жолдору” авиакомпаниясынын учактары жүргүзөт. Аэропорт деңиз деңгээлинен 1274 метр бийиктикте тоолуу жерде жайгашкан.(BD)