Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

ГЕРМАНИЯЛЫКТАР ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында Германия командасы талаа ээлеринин бири Австрия футболчуларын 1-0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Хорватия Польша менен оюнда экинчи курамындагы футболчуларын чыгарганына карабастан Польшаны 1-0 эсебинде утуп алды. Эми хорваттар чейрек финалда Түркия менен беттешет. Ал эми Германия Португалия командасы менен чейрек финалда мөрөй талашат. Бүгүн 17-июнда “С” тобундагы атаандаштардан Голландия менен Румыниянын футболчулары беттешет. Ошондой эле франциялыктар италиялыктар менен мөрөй талашат.

Учурда “А” тобунда Португалия менен Түркия чейрек финалга чыкты. “В” тобунда Хорватия 6 упай топтоо менен чейрек финалда ойнойт. Ошондой эле “С” тобундагы Голландиянын да 6 упайы бар. Алар Италия менен Францияны утуп, чейрек финалга чыгышкан.

Ал эми “Д” тобунда Испания эки беттешүүдө жеңишке жетип, алар дагы чейрек финалда ойнойт. Калган командалар алдыдагы таймашууларда аныкталат.

Чейрек финалдык беттешүүлөр 19- июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.

Кечээ 16-июнда кечинде германиялыктар менен австриялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында германиялыктар 1:0 эсебинде жеңип, “В” тобунда алар чейрек финалга чыгышты.

Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» футбол командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагуловдун
пикиринде пикиринде эми германиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөтөт.

- Чынында эле бул жолу германиялыктар начар
ойноп жатышат. Же алар акыркы куч- кубатын чейрек финалга сактап жатышабы? Айтор белгисиз. Алар аракет кылуу менен чечүүчү беттешүүдө натыйжалуу ойноп, Европа чемпионатынын уюштуруучуларынын бири Австрияны жеңип алышты. Ал эми астриялыктар болсо бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти. Бул беттешүүнүн негизги каарманы- Михаэль Баллак болду.


Бул беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Адистерди айтымында өтө оор, түйшүктүү оюн болду. Акыры экинчи таймдын башында эсепти Германиянын жарым коргоочусу, Англиянын “Челси” командасында ойногон Михаэль Баллак ачып, топту дарбазага таамай тээп киригизди. Талаа ээлери австриялыктар канчалык аракет кылышканы менен эсепти теңдей алышпады. Ал түгүл башкы машыктыруучусун да калыстар оюн аянтынан кетүүгө аргасыз кылышты.

Ошентип кечээ германиялыктар өз күйөрмандарын сүйүнтүп, чейрек финалга чыгышты.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мучөсү Бообек Кадыркуловдун пикиринде быйыл германиялыктар Европа чемпионатынын жарым финалына чыгышы ыктымал. Быйыл алар чемпиондукка талапкердин бири болушу мүмкүн.

- Бул жолу Германия менен Португалияны чейрек финалда утуп алышы да ыктымал. Мен башынан эле Германияга күйөрманмын. Алар кечээ чечүүчү оюнда утуп, дурус ойноду.

Кечээ 16- июнда “В” тобундагы лидер Хорватия командасы Польша менен беттешип, алар оюнга экинчи курамындагы футболчуларын чыгарганына карабастан Польшаны 1:0 эсебинде утуп алды. Топту полшалыктардын дарбазасына 53- мүнөттө гана Германиянын “Вердер” командасынын катарында ойногон хорватиялык чабуулчу иван Класнич киргизди. Эми хорваттар чейрек финалда Түркия менен беттешет.

Бүгүн 17-июнда “С” тобундагы атаандаштардан Голландия менен Румыниянын футболчулары беттешет. Эгерде румындар бүгүн голландиялыктарды утуп алышса, анда алар чейрек финалда ойнойт. Кокус утулуп калышса оюндан чыгат.

Ошондой эле бүгүн франциялыктар италиялыктар менен мөрөй талашат. Экөөнүн кимиси утса чейрек финалга чыгышы ыктымал. Польша менен Хорватиянын футболчулары беттешет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG