Сакайып кетсе экен, Мекенине кайтып келсе экен деп күттү. Анткени бул-2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы эле. Эми анын катышуусуз өтө турган иш-чаралардын баары улуу таланттын жаркын элесине арналып өтөт” деп жазды бүгүн жарык көргөн “МК Кыргызстан” гезити.
“Уюшкан кылмыштуу топторго эле эмес элге да аралашышышңыз керек, жолдош президент! Рыспек катышкан митингде бардык маселелерди чечем деп убада бербедиңиз беле. Жок дегенде кантип жан багуунун амалын издеп аянтка чыккан пенсионерлерге өзүңүздүн кайсыл бир министриңизди жиберип, биз деген пенсионерлерге мамлекет тарабынан берилчү жеңилдиктерди кыскартып салганбыз, анткени аларды акчасыз, дары-дармексиз калтырып, канчага дейре чыдаар экен деп тажырыйба жүргүзүп жатабыз деп айттырып койсоңуз болмок экен. Биздин өлкөдө мамлекетти кары-картаңдар эмес, бардыгын алеки-заматта кайсап жей салып карап турган чиновник-чегирткелердин кардын тойгузуучу өлкөнүн эмгекке жарамдуу жарандары гана кызыктырат, ал эми пенсионерлер деген жөн эле “кайда болсоң анда бол, аш ичкенде пайда бол” деген бекерооз немелер болот деп түшүндурсөңүз болмок” деп жазган ушул эле гезит макаласынын аягын, “Курманбек Салиевич, көкөйгө көк таштай тийип бүткөн мына ушул пенсионерлердин азабын тартып жүрө бергенден көрө, балким 7-кабатта олтурган сиз кары-картаңдарга мындан да радикалдуу чараларды көрүү аракетин жасасаңыз кандай болор эле деп ойлойм” деп аяктайт.
Гезит мындан тышкары учурдагы туристтик сезонго ылайык, Ысык-Көлдөгү санторий, пансионат жана эс алуучу жайлардын абалына, алардын сервистик деңгээлине жана бааларына токтолуп, көл жээгин Канар аралдарынын же Түркиядагы эс алуу жайларынын деңгээлине алып чыгуу үчүн дагы далай иштер жасалышы керектигин кеп кылган.
“Алиби” гезити Ч. Айтматовдун жашаган үйүнө 13-июнь күнү көз көрсөтүү үчүн барып, жазуучунун неберелери өкүрүп турган бозүйгө президент Бакиевдин өкүрбөй кирип барганын карап тургандардын айрымдары “мунуң кыргыз эмес болсо керек” дегенге чейин барганын, ал эми эртеси сөөк коюу зыйнатында ажо ордунан туруп барып топурак салгандын ордуна, ал олтурган жерге чака көтөртүп барып топурак салдыртышып, кайра колуна суу куйганына таң калгандар болгонун, алп жазуучуну акыркы сапарга узатууга Аскар Акаев келет деген сөз бекер тарабаганын, анын келерин билген бийлик келишине уруксат бербей койгонун, уруксат алалбаган Акаев Париж аэропортунда ыйлап кала бергенин, ЖК депутаттарынын негзиги бөлүгүн түзгөн “акжолчуларга” мындан ары бюджеттин эсебинен каражат бөлүнгөнү калганын, мындай чечимди алар өздөрүнө өздөрү кабыл алышканын, мугалимдердин мыйзамдуу акчасын төлөп бербей аны 2010-жылга жылдырган бийлик өз партиясына дароо акча таап бергенин жазды.
Гезит ошондой эле адистик билим берүүдө дагы бир коркунучтуу жагдай түзүлгөнүн, ЖОЖдордогу контрактык баалардын 13 миңден 18 миң сомго чейин көтөрүлүшү мындан ары өлкөдө коррупциянын дагы терең тамырлдашына шарт түзөрүн, билим алуу жалаң акчасы бар чиновник, байлар менен көпөстөрдүн балдарынын гана энчисине айланып, колунда жоктордун балдары билимсиз катмардын өкүлдөрүнө айланарын, кыскасы окутуунун сапатын акчанын эсебинен эмес, катуу тартиптин, билим берүү системасынын сапатын көтөрүү жолу менен чечсе болорун таллдоого алган. Макаланын автору Эртабылды Аттокуров.