Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

14:41 Байтик айылынын тургундары жер маселесин чечип берүүнү талап кылышты


Мындан бир саатча мурда Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүнүн жыйырма чакты жашоочусу айыл өкмөтүнүн алдына барышкан. Чогулгандар айыл башчысынан жер маселесин чечип берүүнү талап кылышкан. Жер алуу үчүн кезекте тургандардын саны беш жүздүн тегерегинде болгону менен алардын токсону гана жер алуучулардын тизмесине кирген. Чогулгандар ал тизмедегилер кимдер экенин жарыя кылууну талап кылышты. Айыл башчысы жашоочулар жер алууга керек болчу бардык документтерди чогултуп бергенде гана тизмени жарыялайбыз дегенден кийин чогулгандар тарап кетишти.(AiJu)

XS
SM
MD
LG