Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

МАРИПБЕК - КЫРГЫЗДЫН ПАТРИОТУ


Жанарбек Акаев, Ош Башына ак калпак кийип, кыргызча ыр жазып, кыргыз тилин сактап калуу тууралуу жалындуу сүйлөгөн Марифжан Амирхужаев өзү өзбек улутунан болот. Жакын арада атын Марипбек Амиркожоев деп алмаштырганы жаткан экен. Кыргыз тилин учурда терең изилдегенге киришкен бул жаш жигиттин максат-мүдөөсү көптөгөн кыргыз жаштарына үлгү болчудай. “Азаттык плюстун каарманы” түрмөгү бүгүн Марипбек Амиркожоев жөнүндө маалыматты сунуш кылат.



Марипжан Амиркожоев учурда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсун аяктап жатат. Улуту өзбек болсо да, курбуларынан айырмаланып, кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөп, ыр да жазып, айтор, көп кырдуу таланты менен өз атын бүт окуу жайга тааныта алды. Аны тааныгандардын баары азыр ага Марифжан эмес, кыргызча эле Марипбек деп кайрылышат.

Өзүн “кыргызмын” деп тааныштырып, атын да Марипбек Амиркожоев деп атаган бул жигиттин ата-энеси да, туугандары да, жоро-жолдоштору да анын аракеттерине туура мамиледе. Көрсө, уулунун кыргыз тилчи кесибин аркалоосун Марипбектин ата-энеси өздөрү чечишкен экен.

- Ата-энем мага: «Балам, сен Кыргызстанда жашап жаткандан кийин, өзбек балдарга кыргыз тилин үйрөтүшүң керек», - деп менин кыргызча үйрөнүшүмө өздөрү себеп болушту. Ошентип, кыргыз филологиясына келип калдым. Азыр эми кыргыз эмес улутундагы адамдарга кыргыз тилин окутууну ниет кылып жүрөм.

Марипжан кыргыздын бир топ улуттук аспаптарында да ойнойт. Мисалы, май айында студенттер аралык фестивалда чопочоордо ойноп, биринчи орунду багындырган.

Ал кайда барбасын кыргыздын ак калпагын башынан түшүрбөй, ал тургай жакында өз атын биротоло кыргызчага өткөрүп, жаңы паспорт алсам деп жаткан экен.

- Эми, буюрса, паспортумду алмаштырам, жаңылайм. Ошол паспортто атымды кыргызча Марипбек Амиркожоев деп жаздырайын деген оюм бар.

Окууну аяктаары менен Марипбек Оштогу көзү азиздер үйүнө барып, аларга да кыргыз тилин үйрөтүүнү көздөп жүрөт. Мындан сырткары, таланттуу жигиттин кыргыз сатирасына да өз салымымды кошсом деген максаттары бар экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG