Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

18:20 Аксынын Карасуу айыл өкмөтүндө бир аптадан бери жарык жок


Натыйжада айыл өкмөттүн компьютерлери иштебей, эсеп-кысап иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой калды. Бүтүрүү сынактары жүрүп жатканына карабай, айыл өкмөттүн мектептеринде да электр жарыгы өчүрүлгөн. 11-июндан бери жарыктын жоктугунан медициналык мекеменин муздаткычтары иштебей, дары-дармектердин жараксыздыкка чыгаары күтүлүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Кадыркул Өмүрбеков билдирди. Анын айтымында коңшулаш Каражыгач, Жаңыжол айыл өкмөттөрүндө да жарык жок. Облбийликтен алынган жоопко караганда жарык карызга байланыштуу өчүүсү мүмкүн, Аксы районундагы мамлекеттик мекемелер электр жарыгы үчүн 18 миллион сом карыздар болушкан. (YA)

XS
SM
MD
LG