Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

18:25 Коомдук парламенттин Жалалабаттагы өкүлүнүн соту 25-июнда болот


Жылдыз Эргешовага байланыштуу кылмыш ишин Жалалабат шаардык соту териштирет. Бул тууралуу ага шаардык прокуратурадан 18-июнда кабарлашкан. Коомдук парламенттин облустагы аталган өкүлү кылмыш кодексинин 167-жана 248-беренеси боюнча «бирөөнүн паспортун тартып алган жана тоноочулук кылган» деп айыпталууда. Мындай айыптарды четке каккан Жылдыз Эргешова жалган жалаа менен «Ата мекен» партиясынын мүчөсү болгон үчүн саясий мүнөздө парламенттик шайлоодон бери сурак берип келатканын билдирди. Ал шайлоо күнү кайталап добуш бермек болгон шайлоочунун паспортун алып койгон. Акт түзүп, паспортту калтырганы менен шайлооком паспортту ээсине берген эмес. Иштин тергөөчүсү Эргешова паспортту үч күн бою ээсине бербей жүргөн деп билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG