Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Ооганстандын Кандагар шаарынын жанында талибдерге каршы ири аскерий операция жүрүүдө


Ооган коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, андан жергиликтүү эки жоокер, Талибандын 20дай согушкери мерт болду.
Ири аскерий операцияны Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү НАТО курамындагы Канада аскерлеринин колдоосунда Кандагар шаарынын айланасындагы кыштактарды талибдерден тазалоо максатында баштаган эле. Мындан бир нече күн мурда козголоңчулар Кандагардын башкы түрмөсүнө чабуул жасап, жүздөгөн шериктерин бошотуп кетишкен. Бул аралыкта түштүктөгү Гильменд провинциясындагы кол салуудан Британиянын төрт жоокер каза таап, эки аскер жаркат алды.

XS
SM
MD
LG