Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

БИШКЕКТЕ ТУРАК-ЖАЙ САТЫП АЛУУ КӨП АДАМДЫН КӨЙГӨЙҮ


Акан Иманов, Бишкек “Глобал Инвест” аналитикалык компаниясы Кыргызстанда кыймылсыз мүлк май айында төрт пайызга арзандагандыгын билдирди. Муну менен көп кабаттуу үйлөрдүн бир чарчы метри 1019 долларды түзүүдө. Азыркы кымбатчылык маалда, жаш үйбүлөлөр үчүн үй же квартира сатып алуу канчалык деңгээлде мүмкүн. Бул жаатта абал кандай? Жаштардын квартира сатып алууга азыр мүмкүнчүлүктөрү барбы? Кыймылсызмүлкө жетүүнүн кандай жолдору бар?

Турак-жай маселеси - жаштар үчүн учурдагы курч көйгөйлөрдүн бири. Азыркы тапта 160 минден ашуун үйбүлө турак жайга муктаж жана анын ичинен 20 миңге чукулу өз үйүнүн жоктугунан, көчүп-конуп, жатаканада жана ижарада турушат.

Урмат менен Анара дагы айына үч жарым миң төлөп ижарада жашап келишет. Алардын баш кошкондоруна эки жылдын жүзү болду жана бир жарым жылдан бери алар кийим тигүүчү цехте иштешет:

- Келинчегим экөөбүз айына 20 миң сомго жакын айлык алабыз. Ижарага төлөйбүз, тамак-ашка, жакшылык-жамандыка кетип эле эч нерсе чогулта албай койдук. Үйдү ипотека аркылуу алалы десек керектүү документтерди, биздин ишибиз бере албайт экен. Анан дагы күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлушу керек дешти. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок да. Биз үй алыш үчүн кийинбей, ичинбей, үнөмдөп жашасак, айына 6-7 минден чогултсак болот. Ошонтип, 15 жыл эмгектенсем, үй сатып алсам болот окшой.

Эгер жаштар өз каражаттарын чогулта албай, убара тартып жатышса, алар ипотека жолу менен үйдү насыяга алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кыргызстандагы 20дан ашуун банктардын ичинен “АТФ”, “Казкомерц”, “БТА”, “КICB”, “AUB” жана “Манас” банктары баштаган 10 чакты финансы уюмдары каржылоого даяр. Бирок алардын негизги шарттарынын бири - күрөөгө кыймылсыз мүлктү коюуу менен айлык акыны тактаган документтердин болуусу зарыл. Эгер жок болсо, анда үстөк пайызы жогорураак болгон насыяга туш болосуз.

Учурда борбор шаарда көп кабатуу жаны курулган үйдүн бир чарчы метри 700-1400 долларга чейин. Ал эми 1-2-3 бөлмөлүү квартиралардын наркы канча жана алардын баасы канча пайызга арзандады? Бул суроого “Партнер” кыймылсыз мүлк агентигинин риэлтери Кубан Керимов жооп берди:

- Азыр бир бөлмөлүү квартиранын баасы 27-28 миң, эки бөлмөлүүнү 38миң, үч бөлмөлүүлөр болсо 43 миң доллардын тегерегинде болууда. Мындан беш ай мурун эле бул квартиралардын баасы кеминде 5 миң долларга кымбат эле, эми баалар түшүүдө.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлкө болгон баа май айына караганда төрт пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу он пайызга арзандаган. Азыр Бишкектеги квартиранын бир чарчы метринин орточо баасы 1019 долларды түзүп, өткөн айга караганда 38 долларга төмөндөгөн. Ошол эле маалда Кыргызстанда орточо айлык акы 4662сомго барабар. Бул каражатка алар кийинип-ичинүү менен өз керектөөлөрүн канааттандырышы керек. Турак- жайга зарыл болгон жаштар бул 130 долларды түзгөн орточо айлык акысы менен үй маселесин чече алчудай эмес:

- Кыргызстанда ипотекалык кредиттин пайызы жогору жана шарттары оор болууда. Бул жол менен үй алууну каалагандар көп. Бирок көпчүлүгүнүн айлык-акысы үч-төрт миң сомду түзүп, эч нерсеге кыла албай жатышат. Айлык акысы 700 долларды түзгөн адамдар бул жол менен 1-бөлмөлүү квартира ала алышат. Бул акча алардын чыгымын жана кредитти жабууга жетиш керек. Ошондуктан эл кыйналбаш үчүн өкмөт үстөк наркы 10-12 пайызды түзгөн ипотека берсе аны алуу дагы, андан кутулуу дагы оңой болмок.

Адистердин баамында турак жай маселесин чечүүдө бир гана комерциялык банктар эмес, өкмөт дагы өзүнүн программасы менен чыгышы абзел. Өкмөт эл аралык каржы уюмдарын жана жеке инвестицияларды өзүнө тартып иш жүргүзсө кана, жогорулап турган пайызды төмөндөтүп, узак мөөнөткө үйлөрдү ипотекага берүү менен турак-жай маселесин чече алышат.

XS
SM
MD
LG