Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

КЫРГЫЗ-НЕМЕЦ-ФРАНЦУЗ КИНО ФЕСТИВАЛЫ АЧЫЛАТ


Бүгүндөн тарта Бишкекте Кыргыз-немец-француз кинофильмдеринин эл аралык фестивалына карата иш-чаралар башталат. Ал эми фестивалдык көрсөтмөлөр 23-июндан 29-июнга чейин Бишкектин кино үйлөрүндө өткөрүлөт.

Кыргыз-немец-француз кинофильмдеринин Эларалык Биринчи фестивалы өткөн жылы Бишкекте болуп өткөн эле. Алдыдагы Экинчи фестивалга кыргыз тасмагерлеринин кыска метраждуу он бир фильми катышмакчы. Фестивалдык сынакка Кыргызстандан режиссер Марат Сары уулу, Германиядан продюссер Франк Мюллер жана Франциядан Робин Дюмалар жюрилик этишмекчи. Жеңүүчүлөргө фестивалдык Гран-при жана эки кызыктыруучу сыйлык акчалай ыйгарылат. Ошондой эле бул фестивалдын жүрүшүндө өткөн жылы Нарын аймагында тасмага алынган “Теңири” фильминин бетачары болот. Бул фильм Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын кинорежиссерлорунун биргелигинде тасмага алынды. “Теңири” фильминин мазмуунуна белгилүү кинотаануучу, кыргыз кинематографисттер союзунун директорунун орунбасары Гүлбара Төлөмүшова токтолду:

- “Теңири” фильминин эл аралык бетачары 25-июнда Мюнхен кинофестивалында көрсөтүлмөкчү. Бишкектеги кыргыз-немец-француз фильмдеринин фестивалынын жюри мүчөсү Франк Мюллер 25-июндан кийин Бишкекке келип, фестивалдын жыйынтыгын чыгарууга катымакчы. “Теңиринин” бетачары болсо Бишкекте 28-29-июнда Кино үйүндө өтөт. Каалоочуларга кирүү акысыз. “Теңири” тасмасынын мазмуунуна токтолчу болсок, бул кайсы бир деңгээлде чыңгыз Айтматовдун “Жамийласына” окшош. Болгону фильмдин сюжети бүгүнкү күндүн окуяларынан алынган. Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын режиссерлору тарабынан тартылган “Теңири” тасмасы алдыда Бишкекте боло турган фестивалдын кульминациялык чегин айгинелемекчи.

“Теңири” кинотасмасын тартуу кыргыз режиссеру Марат Сары уулу, немец продюссери Франк Мюллер, француз режиссерлору Робин Дюма жана Мари Де-Пон Швиль тарабынан ишке ашырылды. Үч мамлекеттин режиссерлорунун биргелешип иштөөсү – эртеңки күндө да тасмалардын биргелешип тартылуусуна көпүрө болмокчу деди кыргыз кинематографисттер союзунун директорунун орунбасары, белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова:

- 29-июнда жыйынтыгы чыгарылмакчы болуп жаткан фестивалдык сынактын сыйлыктары жеңүүчүлөргө акчалай берилмекчи. Сынакка кыргызстандык режиссерлордун гана эмгектери коюлат. Албетте сыйлыктардын чыгымдарын Кыргызстандагы Германия жана Франция элчиликтери көтөрүп жатат. Сыйлыктардын баасы албетте азырынча айтылбайт, бирок мен айтып коеюн, сумма аз эмес. Бул Кыргызстандын жаш режиссерлорун колдоого кыйла эле огожо болот. Эгер мен сыйлыкка илинчү тасмаларга карата пикиримди билдирчү болсом, булар 13 мүнөттөн 18 мүнөткө чейинки “Аноним”, “Сокурлар”, “Топташ” жана “Бизде баары жакшы” деген аталыштагы кыска метраждуу тасмалар.
XS
SM
MD
LG