Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

“ТЕҢИР”


Жаңыл Жусубжан ,Прага “21-кылымдын Жамийласы». 24—июнда Мюнхендеги эл аралык фестивалда премьерасы боло турган тасманы билгендер аны ушинтип аташууда. Бирок фильмдин режиссеру мындай сүйүү тагдырлары бүт дүйнөдө кездешерин билдирди. Кандай болгон күндө да Айтматовдун Жамийласына окшош тагдырды, бирок бүгүнкү күндөгү окуялардын чагылышында баяндалган тасманы француздар немистер менен биргелешип тартышкан. Аты – көчмөндөрдүн улук кудайы, Теңирдин аты менен аталган.

"Теңир" тасмасы келерки аптада Мюнхендеги атактуу эл аралык фестивалда көрсөтүлүүдө, ал эми эртеси эле аны кыргыздар да Бишкекте көрүүгө мүмкүндүк алышмакчы. Кыргыз көрүүчүлөрүн фильм менен тааныштыргандардын арасында анын режиссер Мари Дө Поншевиль да болот. Телефондон байланышканыбызда, ал тасманын мазмунун мындайча баяндады:

- Бул казакстандык деңизчи тууралуу фильм. Ал Арал деңизинде иштеген. Францияга келип, абакка түшөт, анткени жумушу же документи болгон эмес. Акыры Казакстанга кайтып келет, бирок кийин Кыргызстанга барууну чечет, анткени анын атасы ошол жактан болгон, ошентип ал өз ата-тегин издеп келет.

Андан аркы окуялар да бүгүнкү күндөгү темалар менен үндөшүп турат, анын ичинде исламдык экстремизм да бар. Мурда Тибетте, Монголияда кино тарткан дө Поншевил Кыргызстанга кантип кызыгып калды? Көрсө аны убагында президент Акаев Парижде жолукканда чакырган экен:

- Мен Акаев менен ал 2000-жылы Франциянын президенти Миттеран менен жолукканда таанышкам. Ал дароо эле: "Кыргызстанга келбейсизби?" деген. Мен Монголияда кино тартып жатканымды, андан кийин балким Кыргызстанга барышым мүмкүн экендигин айттым. Ошондон тартып, Кыргызстанга кызыгып, ал тууралуу китептерди окуп, бул өлкө менен тааныша баштагам.

"Теңир" тасмасын Франция менен Германиянын ортосундагы АРТЕ деп аталган жалаң маданиятты чагылдырган кош тилдүү канал каржылаптыр. Башка да франциялык булактардан каражат табылган.

Фильм француз жана кыргыз тилинде. Кыргызчалаштырууга Париж университетинин докторанты, Франциядагы кыргыздар биримдигинин жетекчиси Азамат Кадыралиев жардамдашкан.

Режисер бул филмдин Айтматовдун Жамилясына тиешеси жок экендигин мындайча билдирди:

- Билбейм, антип ойлобойм, анткени мындай окуялар Францияда деле көп болгон. Фильмдеги окуялар кыргыздардын арасында орун алат, жаратылышы да, баары кооз. Болгону ушул.

Тасмада эки жардын сүйүүсү бүгүнкү турмуш чындыгына негизделген, бирок өзөгү Жамийла менен Даниярдын эле окуясы. Бирок режиссер Жамийланын өзүн биринчи жолу мындан болгону 3 жума мурда окуганын, ал эми фильмди пландоо беш жыл мурда башталып, былтыр тартылганын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG