Немис командасы өткөн кечинде болгон оюнда Португалия командасын 3:2 эсебинде утуп, таймаштын кезектеги айлампасына чыкты. Чейрек финалда бүгүн Түркия менен Хорватия футболчулары беттешет. Ишемби күнү Россия менен Голландия, жекшембиде болсо Испания жана Италия футболчулары жарым финалга чыгуу үчүн таймашат.