Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

ГЕРМАНИЯЛЫКТАР ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында алгачкы чейрек финалдык таймашууда Португалия командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешип, натыйжада 3:2 эсебинде германиялыктар жеңип, алар жарым финалга чыкты.

Кечээ 19-июнда Швейцариянын Базель шаарындагы « Санкт-Якоб Парк» стадионунда биринчи чейрек финалдык беттешүүдө португалиялыктар менен германиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө 22- мүнөттө германиялык жарым коргоочу Бастиан Швайнштайгердин таамай тепкен тобу менен оюндун эсеби ачылды.

Оюндун 26- мүнөтүндө биринчи топту менен айырмаланып эсепти ачкан германиялык Бастиан айып тобун португалиялык дарбазага багыттап, көкөлөгөн топту өнөктөшү Мирослав Клозе башы менен сүзүп киргизди.

Ошентип германиялыктар 2:0 эсебинде утуп жатышкан. Португалиялык чабуулчу Нуну Гомеш жооп кылып, эсепти бирге кыскартып, биринчи тайм 2:1 эсебинде германиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Бишкектик күйөрман Азим Шыгайбаевдин айтымында мелдеш курч мунөздө өтүп, германиялыктар жакшы оюн көрсөтүү менен жеңишке жетишти.

- Бул ирет дагы германиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөттү. Алар быйыл башында начар ойногону менен чечүүчү таймашууларда жакшы ойноду. Айрыкча Англиянын “Челси” командасында ойногон германиялык жарым коргоочу, команданын капитаны Михаэль Баллак башкы каарман болуп, командасынын жарым финалга чыгуусуна зор салым кошту.Чынында эле бул жолу португалиялыктарга спорттук ийгилик келбей кайкып өттү. Алар бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.

Оюндун экинчи бөлүгүндө дагы португалиялыктар тез- тез чабуулга өтүп турушту. Ошондой эле беттешүүнүн экинчи таймында же 61-мүнөттө германиялыктар эсепти дагы бирге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Натыйжада Англиянын “Челси” командасында ойногон германиялык жарым коргоочу Михаэль Баллак айырмаланып, өнөгү берген топту португалдардын дарбазасына таамай сүзүп киргизди. Андан кийин Португалиянын чабуулчусу Элдер Поштига жооп кылып, эсепти 3:2ге өзгөрттү. 94 мүнөттүк оюнда португалиялыктарга бир нече жолу ыңгайлуу учур болгону менен эсепти теңдей алышпады.

Бул чейрек финалдык беттешүүнү Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү. Мөрөй талашуу түңкү саат экиден 40 мүнөт өткөндө соңуна чыкты. КТРдын футболдук баяндамачылары Кубан Атабеков менен Алмаз Раимжанов беттешүүнү баштан аяк баяндап беришти.

- Ошентип германиялыктар португалиялыктарды 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалда ойномок болду. Ушундай кубанычтуу мүнөттөр, көз ирмемдер көп болсо деп көрсөтүүнү жыйынтыктайм.

Бишкектик күйөрман Казыбек Исаковдун пикиринде германиялыктар негизги таймашта жеңип, чеберчиликтерин көрсөтө алды.

- Чынында эле германиялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экенин далилдеп койду. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады.

Бүгүн 20-июнда чейрек финалдык экинчи беттешүүдө Хорватия менен Түркиянын футболчулары беттешет. Бишкектик футбол күйөрманы Жоомарттын пикиринде Түркиянын чейрек финалга чыгышы кыргызстандык күйөрмандарды дагы кубандырып, бул түрктөрдүн Хорватия менен беттешүүсү да кызыктуу өтөт.

Андан кийинки чейрек финалдык таймашууларда Голландия менен Орусия, Испания менен Италия жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Чейрек финалдык беттешүүлөр 19-июнда башталды. Чейрек финалдык таймашуулар 23-июнга чейин болмокчу.

Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG