Макаланын автору кечээ АКШдан Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орунбасары баштаган чоң делагация келгенин, анан Батыш десе эле итиркейи келген политолог сөрөйлөр Кыргызстан Америка менен жакшы мамиледе болсо эле талаада кала тургансып жер бербеш керек, жер берсек эле Орусия менен мамилени бузуп алабыз деп чыгышканын, мындай бузулган логикага таянсак, кокуй Орусия жаман көрөт деп Кыргызстан Европа менен кызматташуудан да баш тартууга туура келерин, орустарга жакшы көрүнүш үчүн анда бизди кыйын кезде колдоп, акча менен жардам берген эларалык финансы уюмдарын да кууп чыгып, кыскасы орустун душманы биздин да душман деген логиканы тутунуу керектигин кеп кылып, Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери Орусияга караганда Американын пайдасын көбүрөөк көрүп келатканын, АКШ маселен “Манас” аэропортуна келип конгон ар бир аскерий учагы үчүн 5 миңден ? миң долларга чейин төлөп, мындан сырткары жыл сайын 100 миллион доллардын тегерегинде ар кандай бекер жардамдарды көрсөтөрүн, ошол эле убакта Орусия ушундай эле Канттагы аскерий базасы үчүн бизге 1 тыйын да төлөбөстүгүн мисалга тартты. Автор андан ары минтет: “Ооба, орустар биздин эмгек мигранттарыбызды кууп чыккан жок. Албетте алгач кууп чыгуу аракеттери болгон. Бирок өзүлөрүнө жумушчу күчү керек экендигин билгенден кийин дароо токтотуп койгон. Эгер жумушчу күчү жетиштүү болбогондо антмек эмес. Орусия деген азыр баягыдай ири держава эмес. Анын экономикалык потенциалы Бразилияныкына да жетпейт. Биз Орусия менен достошобузбу же Америка мененби, же Кытайга кошулуп кетебизби же башыбызга селде чалып арабдардын ысык колтугуна ыктап теспе тартып калабызбы, айтор кыргыздардын эртеңки келечеги ушуга жараша болот. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан кимди тандап албасын баары менен тынч жашашы керек. Бизде душман деген болбош керек”. Ушинтип аяктайт макаланын аягын экономист Сапар Орозбаков мырза.
“Агым” гезити билим берүү тармагындагы окуу программаларынын дээрлик баары союз мезгилине таандык экендигин, эбак эскирип бүткондүгүн, бул тармакта жарытылуу жылыш болбой калганына токтолуп, быйыл 73 миңден ашуун улан-кыз орто мектепти яактап жатканын, бирок алардын тарбиясы, билими кандай экендигин эчким айтып бералбастыгын, мектептердин абалы начарлыгын, мугалимдин орточо ставкасы 2200 сомдун тегерегинде болуп, эгер ал эки ставка менен сабак берип, күн чыккандан күүгүмгө чейин үй бетин көрбөй иштегенде араң 4500 сом аларын, мугалимдердин мындай абалын жакшы билишсе да Билим министрлиги менен ЖК депутаттары унчукпай олтурганын, ошол эле учурда окуучулардын 40 пайызы мектепке аргасыздан барышарын, мектептерде салык салуу, бирин бири сабоо, алтургай өлтүрүп койуу фактылары жайылып кеткенин, бүгүн 70 миң окуу курагындагы балдар окууга барбай малайлык менен күн көрүп жатса, 6 пайызы кайырчылык кылып жансактарын, айрым бир такталбаган маалыматтар боюнча Орусия менен Казакстанга иш издеп көчкөн ата-энелерин эрчип кеткен 15 миңдей бала базарларда, башка жактарда иштеп жан багышарын жазып, эгер билим берүү тармагы чукул реформаларга барбаса жогорудагы айтылгандардын кесири 10 жылдан кийин тиет деп билдирди.
“Кыргыз туусу” гезити Таластын Өтмөк ашуусундагы Ош-Бишкек жолунун кесилишкен жерине Манастын айкелин орнотуу иштери башталганын, айкелди эл баатыры Тургунбай Садыков жасап жатканын, бул демилгени обулус губернатору Б. Болотбеков көтөрүп өз жанынан 5 миң сом, орунбасарлары 4 миң сомдон кошору менен мекеме-ишканалар, эл колдоп кеткенин кабарлады.
“Жаңы ордо” гезитине “Ушу тапта түштүктүн кээ бир айылдарында кемпир-чалдар эле калышкан. Эмгекке жарамдуу жаштардын баары сырт жакта жүрүшөт. Бирок алардын ичинен Бишкекке же Сары Өзөн Чүйдүн бооруна көчүп келгендери аз эле. Негизги бөлүгү Россия менен Казакстанга, айрымдары атүгүл Европа менен Америкага чейин кеткен. Андыктан түштүк түп көтөрүлө Чүйгө көчүп келип алды деген туура эмес маалымат, муну мен өздөрүнүн саясый максатына жетиш үчүн кээ бир саясатчылар атайылап ойлоп тапкан дезинформация деп айтар элем” деп жазды Исмадияр Корчубеков аттуу автор “Уруучулук прогресске эмес регресске алып барат” деген макаласында.
“Король өлдү. Жашасын король!” “Революция өз балдарын жеп бүттү!” Жарык көргөн “Кыргыз руху” гезити баш макаласын ушинтип атады. Анда 24-марттагы революция өз балдарын өзү жей баштаганын белгилеп, ошол ыңкылапка көрүнүктүү эмгек сиңиргендердин аттарын тизмелеген. Оштон А. Артыков, Д. Чотонов, Жалал- Абаддан Б. Асанов, Аксыдан А. Бекназаров, Ноокенден Д. Садырбаев, Алайдан И. Исаков, Баткенден Досбол Нур уулу, Өзгөндөн А. Мадумаров, Таластан Р. Жээнбеков, Кочкордон А. Жапаров болгонун, ошондой эле алардын катарында революциянын локомотиви болгон Р. Отунбаева, аталыгы Ү. Сыдыков, дүйнөлүк авторитети Ж. Назаралиев, муштуму же кара күчү Б. Эркинбаев жүргөнүн, булардын тандаган Шералысы-Курманбек Бакиев болгонун, ушулардын ичинен бүгүн К. Бакиев, Досбол Нур уулу жана А. Жапаров эле калганын, калгандары кантип, кандайча борттон алыс ыргытылганын баяндады.