Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ


Бул жумада Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант ордосунун мүчөлөрү акын Турар Кожомбердиевди эскерүү иш-чарасын уюштурат.

“Оту өчпөгөн талант ордосу” 2006-жылы улуттук китепканада акын Турар Кожомбердиевдин 65 жылдыгына арналып, эскерүү кечеси уюштурулуп анын алкагында китеп көргөзмөсү уюштурулган. Мына ошол эскерүү кеченин алкагында жаш калемгерлердин башын бириктирели деп улуттук китепкананын чыгармачыл жамааты “Оту өчпөгөн талант ордосун” негиздешкен. Ошондон тарта маркумдун туулган айылына барып, эскерүү иш-чараларын уюштурушуп турат.

Быйыл да 22-июнда маркумдун туулган айылында эскерүү иш-чарасы өтөт. Ага бир топ жаш акындар барып, Турар Кожомбердиевге арнап жазган чыгармаларын тартуулашат деп кабарлады улуттук китепкананы маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова.

- Жылдагыдан өзгөчөлүктөрү быйыл клубдун мүчөлөрү көбүрөөк барышат. Алар Турар Кожомбердиевге арнап жазган ыр саптарынан, обондуу ырларынан тартуулашат. Мисалы 81-мектепте окуган Батма аттуу кызыбыз обондуу ырын тартуулайт.


“Оту өчпөгөн талант ордосунда ” Батма Исмадилаевага окшогон, ыр жазган жаш калемгерлер арбын. Ажыр Касымбекованын айтуусунда мына ошол жаш акындардын катышуусунда түрдүү сынактар, поэзия кечелери уюштурулуп турат. Ошондой эле жакында эле “Оту өчпөгөн талант ордосу” тарабынан жаш акындарга акын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлыкка сынак өткөргөн. Бул аталган ордонун республикалык денгээлдеги алгачкы чоң иш-чарасы. Эми келечекте Каракол шаарында жана Жалалабадда да “Оту өчпөгөн талант ордосунун бөлүмдөрү түзүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG