Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

К.ӨМҮРКУЛОВ: ЖАРЫГЫБЫЗ ЖОК, КАРЫЗЫБЫЗ БАР


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Аксы районунун Карасуу, Жаңыжол жана Каражыгач айылдарында бир жумадан бери жарык жок болуп жаткандыгы “Азаттык” аркылуу кабарланган эле. Аксылыктар жарыктын себепсиз өчүрүлүшү кесепетин тийгизип жаткандыгына нааразы болушууда. Мына ушуга байланыштуу суроолор менен “Азаттык” Карасуу айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул Өмүркуловго кайрылган эле.

-Алгач бир аз маалымат берип кетсеңиз, бир жумадан бери жарыктын жоктугу эмне себеп менен түшүндүрүлүп жатат?

- Башында айтып кетейин тактоо катары. Электр жарыгы мамлекеттик ишканаларда жок, мисалы айыл өкмөттөрдө, ФАПтарда, мектептерде ж.б., ал эми элде бар.

- Бирок барыбир ооруканаларда жок болуп жаткандагы өзүнүн кедергисин тийгизбей койбойт да, ашканаларда мисал үчүн?

- Ооруканалардан реанимация, хирургиясын калтырып, калганын өчүргүлө деген атайын буйрук бар экен. №155-буйруктун негизинде өчүрүп атабыз деди бизге райондук РЭСтин жетекчилигине кайрылганбызда.

- Жалалабат облустук бийлиги бир нече мамлекеттик ишканалардын 18 млн. сомго чукул карызы бар деп маалымдашкан турбайбы.. Айыл өкмөт жетекчиси катары кабарыңыз барбы?

- Айыл өкмөттөрдүн, мамлекеттик ишканалардан биздин карыздарбыз бар. Муну мамлекет жаба турган нерсе. Биздин айыл өкмөттүн дагы 181 миң 500 сом карызы бар.

- Сиздер ошол карызды качан жабалы деп ойлоп жатасыздар?

- Бизде жарыкты 11-июнда өчүргөн. Ошондон бери айыл өкмөттүн имаратында свет жок. Биз сурандык, жок дегенде бир компьютер, бир лампочканын кубаттуулугун алат, улап берип турбайсыздарбы, компьютерлер токтоп калды, мектептерде экзамендер жүрүп атат, алардын иши токтоп атат десек, качан акчаны котормоюнча болбойт дегенинен, райондук администрацияга билдиргенбиз, ал жактан азыр тиешелүү каттарды даярдап, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы азыр Бишкекте жүрөт дейт, Минфинге кат тапшырып.

- Демек жакын арада күйүп калыш ыктымалдыгы бар турбайбы?

- Биринчи күңдөрдө күйүп калышы мүмкүн экен. Азыр сиздерге байланышардын алдында биздин Аксы райондук РЭСинин башчысы Байназаров Өмүрзак менен байланыштым, кыйынчылык болуп атат күйгүзүп алсак болобу десем, атайын өздөрүнүн коопсуздук кызматы бар экен, ошол 4 адамдан турган топ жүрөт деди, топтун жетечиси Абдрасул Курбанов деген жигит экен, ал качан акча которулмайынча күйгүзбөйсүңөр деп койду.

-1-июнга чейин электр энергиясы кезек-кезек менен өчүрүлүп келгени белгилүү. Ошол убакытта акыбал кандай эле?

- Аварийный болгон учурлардан сырткаркы мезгилдерде 12ден эртең мененки 6га чейин гана өчүрүлүп жатты.

- Азыркы мезгилде сиздердин айыл өкөттө айыл чарба иштери кандай жүрүп жатат. Ушул жагынан дагы сөз салып кетсеңиз?

- Бизде Карасуу айыл өкмөтүндө болгону 169 гектар жерибиз бар. Анын ичинен 4 жарым гектары гана кайра бөлүштүрүүчү фонддуку. Бизде союз тарагандан кийин комбайн, техникалардын бардыгы жок болуп кеткендигине байланыштуу бизде айыл-чарба өсүмдүктөрүнөн жүгөрү жана май өсүмдүктөрү гана өстүрүлөт.

- Демек буудай айдалбайт турбайбы?

- Ооба. Техника жок болгондуктан негизинен кол менен гана иштетилет бардыгы.

- Кадыркул мырза, сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG