Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Б.БЕШИМОВ: ӨКМӨТТҮН СОЦИАЛДЫК САЯСАТЫ ТУУРА ЭМЕС


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ Жогорку Кеңеш азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мындан тышкары бүгүн качкындардын эл аралык күнү. Мына ушул маселелерге байланыштуу парламенттин социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Бул мыйзамды кабыл алуу менен азык-түлүк коопсуздугу канчалык деңгээлде чечилет деген ишенич бар?

- Биринчи иретте бул өкмөттүн демилгеси болгон, азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө атайын мыйзам кабыл алалы деп. Жалпысынан даярдык жакшы эле. Бирок канчалык деңгээлде биз элибизди баа өсүүлөрдөн сактап калабыз деген суроо туулат. Менимче азыр бир топ коркунучтуу абал түзүлүп калды. Биринчиден, азыр жөнөкөй эл баалардын өсүшүнө чуркап жете албай атат. Мисалы пенсионерлерди алсак, алардын бир айлык алган орто пенсиясы 1240 сом болсо, бир айлык эгерде нан, сүт менен эле жашаса 1290 сом болот экен. Ал акчага жашаш мүмкүн эмес болуп атат. Албетте суроо туулат, эмне кылыш керек? Пенсионерлердин айлыгын көбөйтүш керек. Экинчиден, жалпы кирешеси орто деңгээлдеги адамдарды алсак, алар азыркы бир айлык азык-түлүк, керектүү нерселерди алса, алардын деле кирешеси ага жетпейт. Эмне кылыш керек? Сөзсүз элдер жөнүндө саясат жүргүзүш керек. Мына ошондой маселелерди биз кечээ талкууладык. Анан өкмөттөн сурандык колуңуздан келишинче, жалпы болгон финансыны үнөмдөп туруп, анан кыйналган элге тиешелүү жардам берүү жөнүндө талап кылдык.

- Сиз айттыңыз, бааларды кууп жетпей жатат деп. Бирок чындыгында эле пенсионерлердин айлыгына 20-30 сом, же ашып баратса 100 сом кошуп коюп, баалар ошол эле учурда андан бир нече эсеге кымбат болуп атпайбы?

- Туура айтылып атат. Биз ошол маселелерди дагы көтөрдүк. Андан тышкары карасаңыздар, президенттин указынын негизинде электр боюнча тарифтер көбөйүп атат. Бирок ошол эле учурда жалпы ардагерлерди алсак компенсация 7 эле пайызды камтыйт экен. Калгандары эмне кылыш керек? Ошондуктан биз, Социал-демократтар өкмөттү башынан эле айтып келе жатабыз, “силер өткөргөн социалдык саясатыңар туура эмес” деп. Биринчи иретте коррупцияга каршы күрөшкүлө. Экинчиден, стратегиялык объектилерди сатабыз деген жаңылыштык, аны мамлекеттин колунда кармап туруп, үнөмдүү пайдаланыш керек. Үчүнчүдөн, ошол акчаны үнөмдүү пайдаланып туруп, туура жумшаш керек. Бир эле мисал келтирейин, жакында мугалимдер жөнүндө, соттун негизинде канча мугалим бир айдан бери чуркап өзүнүн акчасын алып жатат. Анан албетте суроо пайда болду, эмне үчүн 2003-жылдан бери ойлонбой, азыр ушундай оор абалга келгенде сиздер шашылыш түрдө кандайдыр чечимдерди кабыл алып жатасыздар. Бюджетти караш керек да. Эсиңизде барбы, биз январь айында бюджетти талкуулаганда аны шашылыш түрдө өткөрүп салышкан. Биз суранганбыз, карайлычы кандай дагы булактар бар, канчалык социалдык жагынан элге жардам бере алабыз, ошол жөнүндө ойлонбойлубу деген талапты койгонбуз. Тилекке каршы бизди угушпаган.

- Эми башында айтылгандай, качкындарга байланыштуу кеп кылсак. Анжиян коогалаңынан кийин Кыргызстанга өтө качкан качкындардын аягы бүгүнкү күнгө чейин тыйылбай, келип жатат. Алардын айрымдары жашырын түрдө, кээ бирлери ачык эле кайра мекенине кайтарылган учурлар бар. Качкындар тууралуу конвенцияны кабыл алган өлкө катары Кыргызстан аларга убактылуу башпаанек берүүгө милдеттүү. Айрым саясатчылар өзбек качкындарынын кайрадан кайтарылышын коңшулар менен мамилени бузуп алуудан чочулап жасаган иш-аракети деп баалап жүрүшөт. Сиз кандай пикирдесиз?

- Албетте ошондон эле болду.

- Бакыт мырза, маегиңизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG