Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

"ОШТО ЭПИЗОТИКАЛЫК АБАЛ КУРЧ"


«Ош облусунда эпизотикалык абал курч бойдон калууда» деп адистер коңгуроо кагышууда. Бирок ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү малдан жуккан коркунучтуу илдет азайды деп элди жооткотууда.

Ош облустук клиникалык ооруканалар бирикмесинин баш директору Токтомамат Абдымомуновдун айтымында, Өзгөн районунда быйыл да күйдүргү оорусу катталды. Шектүү 11 кишини текшергенде, үчөө ушундай илдетке чалдыккандыгы аныкталды. Аларды дасыккан дарыгерлер ажалдан арачылап калышты. Бирок, облуста эпизоотикалык кырдаал дале курч бойдон калууда:

- Оорулуулар өлүмдөн араң калышты. Себеби адам баласынын өмүрүнө коркунуч туудурган бул абдан жаман оору. Бүгүн биз үчүү деп отура бербешибиз керек, бул ооруну көзөмөлдөн алдырып койсок бир топ татаал кырдаал түзүлүп калышы мүмүкүн. Бүгүн ансыз деле татаал кырдалдын үстүндө туруп атабыз.


Өзгөн районунун Ийрисуу айылынын жашоочусу Алан Ормошев абайлабай эт жеп алып күйдүргүгө кабылгандыгын, дарыгерлердин күчү менен аман калгандыгын:

- Малдан жугузуп алдым. Абайлабагандан болуп калды. Айыкканыбыз экинчи төрөлгөндөй эле болдук.


Ооруканага оор акыбалда түшкөн Советбек Нуруевди саламатчылыгы кичине жакшырганда кепке тарттык эле, ал коңшусунун оорукчан малын кошо союшуп, этин элге таркатышкандыгын эстеп, жердештеринин баарын текшерүү керектигин белгиледи.

- Карындарынын башын кесип алып келген, андай оору бар экенин билген жокпуз. Чакырганынан келип жардам берип, союшуп, элге таркаттык. Аяк-биягы 73 адам жеди.

Түштүк аймактык ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдымажит Эргешов Ош облусунда күйдүргүнүн 245 очогу бардыгын, анын 146сы Өзгөндө экендигин маалымдап, кургакчылык, ошондой
эле сел–ташкындар адамды өлүмгө дуушарлантуучу дарттын козгогучтарынын тез жайылуусуна шарт түзүп жаткандыгын кошумчалады:

- Кургакчылык болуп атат. Малдар чөп издеп, топуракты тамыры менен кошо жеп атат. Катуу жаандарда селдер жүрүп атат, бул сибирь кунасынын козгогучтары ар бир жерге барып отурукташып калышы мүмкүн.

Өзгөн районунун акими /сөнбай Абдыраимов эпизоотикалык курч абал басаңдагандыгын, аргасыз союлган мал-жандыктарды жедиртпей көмдүрүп жатышкандыгын билдирди.

- Аргасыздан союгон малдын этин кайра алып келип комуп атабыз.

Оштук серепчи Абай Эшмаматов Кыргыз Өкмөтү алдын ала чара көрбөгөндүктөн облуста, айрыкча Өзгөндө кооптуу кырдаал түзүлгөндүгүн, мындай кайдыгерлик дале өкүм сүрө берсе, улуттук генефондго чоң кесепети тийээрин ачыктады:

- Буга алдын ала чара корулбой атат окмот тарабынан. Маселен коп айылдарда ветеринарлар жетишпейт. Озгон аймагында 150го жакын очок болсо, бугунку кундо ошонун тен жарымынын изин жоготуп алышыптыр. Бул аябай кооптондура турган жагдай. Бул нерсе улуттук генофонго чоң. Бул нерсе улуттук генофонго чон таасирин тийгизиши мумкун.

XS
SM
MD
LG