Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

ЧЕГАРА ЧЫР-ЧАТАКТАРЫН КООМДУК ДЕҢГЭЭЛДЕ ЧЕЧҮҮ АРАКЕТТЕРИ БАШТАЛДЫ


Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын кошуна турган айылдарында биргелешкен Аймактык башкаруу комитеттери түзүлгөн. Алар айылдын деңгээлиндеги чегара чыр чатактарын жоюу жана алдын алуу аракетин көрүшөт. Жалпы 31 айылда түзүлгөн мындай комитеттердин курамына айыл өкмөттөр, аксакалдар жана активдүү аялдар кирген.

Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согду облустары чектешкен аймактарында орун алган айылдардын тургундары чегара чыр чатактарын жөнгө салуу максатында, биргелешкен Аймактык башкаруу комитеттерин түзүшкөн. Бул иш чараны ACTED эл аралык уюму колдоого алып, демилгечилерди бир столго отургузуп талкууларды жүргүзүп келет.
Тажикстандын Исфара районуна караштуу Ляккан айылынын тургуну Кабылжан Курбанов аймактык башкаруу комитетинин мүчөсү, өзүнүн пикиринде жана жан же аралаш отурукташып калган эки элди бөлүп коюу оңой эмес. Бул ишти ушул жердеги эл өзү жөнгө салуусу зарыл дейт:

- Мисалы Чорку Аксай тарапта илгери союз болуп тургандыктан тажик кыргыз бут аралашып кеткен. Эми оз озунчо мамлекет болгондон кийин маселелер көбөйүп, аны эки тараптын жетекчилери ар кандайча чечүү аракетин көрүп жатышат. Менин оюмча маселени ушул жердеги эл өзү гана чече алат.

Ушундай пикирин Ляккан тажик айылындагы комитетинин мүчөсү Кабылжан Курбанов билдирди.

Жергиликтүү чегара чыр чатагын алдын алуу максатын көздөгөн бул комитеттердин ишинде айыл өкмөттөрдүн үлүшү да бар. Тажикстан менен чектеш турган Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Насыр Орозовдун пикиринде, башкаруу комитеттеринин мүчөлөрүн расмий тастыктама документтери менен камсыздоо керек:

- Жергиликтүү элдин күчү менен буга чейин биздин айыл өкмөт менен чектешип турган эки тараптуу чегара посттору алынган. Дагы да бул коодук уюмдун ишин илегрилетүү үчүн аларга атайын күбөлүктөрдү беришибиз керек.

Чегара чыр чатактары жаатында бир жылдан бери иштеп келген ACTED эл аралык уюмунун мобилизатору Икрамжан Марасулов Аймактык башкаруу комитеттеринин үзүрлүү натыйжаларын айтып, бирок жергиликтүү жетекчилердин бул коомдук уюмга болгон көңүлкоштугун кошумчалап өттү:

- Жакында эле Өзбекстан менен Кыргызстандын айылдарынын ортосунда боло турган конфликти алдын алды. Бирок ушул аймактык башкаруу комитеттерин жергиликтуу бийликтегилер жакшы көңүлгө албай жаткандыгы өкүнүчтүү.

Учурда Баткен облусу менен чектешкен Өзбек жана Тажик айылдарын кошо эсептегенде 31 айылды өзүнө камтыган 9 Аймактык башкаруу комитетти түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG