Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

“АК ШУМКАР” ПАРТИЯСЫ КАЙРАДАН ЖАНДАНА БАШТАДЫ


21-июнда “Ак шумкар” партиясынын курултайы болуп, төрагалыгына Темир Сариев шайланды. Андан тышкары партиянын жетекчи органдарынын макамы менен жоопкерчилигин жогорулатуу максатында уставы менен программасына өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңеш --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/100FE3A5-7AFC-468B-BC45-38D4FDDDC921.asp деген жаңы жетекчи органдын мүчөлөрү шайланды.







Өткөн жылы “Социал-демократиялык күчтөрдүн биримдиги” аттуу партиянын негизинде түзүлгөн “Ак шумкар” демократиялык күчтөр партиясынын кезексиз курултайына 142 делегат катышты. Алар партиянын уставына киргизген өзгөртүүнүн негизинде партия мындан ары жөн гана “Ак шумкар” саясий партиясы деп атала турган болду. Буга чейин партиянын башында турган 7 теңтөраганын орду жоюулуп, бир гана төрага 3 жылда бир шайлана турган болду. Андан тышкары партиянын стратегиясын 70 мүчөсү бар Жогорку Кеңеш аныктап, аларды партиянын 25 мүчөсүнөн турган Саясий кеңеши ишке ашырат. Ошондой эле жер-жерлердеги баштапкы партиялык уюмдарды жандантуу, өлкөдөгү бардык саясий иштерге өз убагында катышуусу үчүн чапчаң иштетүү, мүчөлөрүнүн саны эмес сапатын жогорулатуу милдети алдыга коюлду.

Курултайда Кыргызстандын азыркы учурдагы саясий-экономикалык абалына баа берилип, азыркы бийлик өлкө экономикасын көтөрүү, демократияны өнүктүрүү жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө программасынын жоктуганан улам Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү менен экономикалык көз карандысыздыгына катуу доо кетип жатат деген баа берилди. Ал туралуу доклад жасаган партия төрагасы Темир Сариев “Ак шумкар” партиясы мындай абалды оңдоо үчүн өз программасын иштеп чыккандыгын жана ал үч багыттан турарын жарыя кылды:

- Биринчиси- адам ресурстары. Экинчиси- атаандаштыкка жөндөмдүү экономика жана инновациялык демилгелерге мамлекеттик колдоо. Үчүнчүсү-мамлекеттик башкаруунун эффективдүү жана жоопкерчиликтүү ыкмалары.

Партия төрагасынын билдирүүсү боюнча, биринчи багытты ишке ашырууда партия элге таянат. Ал эми экономиканын натыйжалуулугуна жетишүү үчүн чакан өкмөт зарыл:

- Эң негизгиси мобилдүү жана чакан өкмөт өкмөт болуш керек. Он беш министрликтен ашпаган өкмөт болуп, анын жарымын аялдар түзүш керек.

Андан тышкары партиянын башкы максаты-бийлик системасын өзгөртүү болот. Ал үчүн акыйкат президентти шайлоо, эл шайлаган чыныгы парламентти топтоо, өз алдынча иштей турган өкмөттү түзүү, көз карандысыз сот бийлигине жетишүү жана маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу керек. Төрага Темир Сариевдин билдирүүсү боюнча, бул партиянын алдында турган кыска жана узак мөөнөттүү программасынын өзөгүн түзөт жана аларды ишке ашырууга партия мүчөлөрүнүн дымагы жетет:

- Биз өзүбүздүн жолубуздан кайтпайбыз. Ага терең ишенебиз. Мына курултайга катышкандардын баары тең колдоп, чогуу болобуз, бир болобуз, аягына чейин аткарабыз деп турушат. Аны ишке ашыра турган жигиттер менен кыздар бар.

Курултайда айтылган маалыматка караганда, азыр партиянын 5 миңден ашык мүчөсү бар. Азыркы максат алардын катарын дымактуу жаштар менен толуктоо. Чүй облусунан келген делегат Эрмек Нургазиевдин айтымында, ага азыркы бийликке жаштардын ишениминин жоктугу түрткү берип, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылам деген партияларды колдоого багыттап жатат:

- Мен эч кимге ишенбей калдым. Бирок, саясатчылардан арасынан жүрөгү таза адам бийликке келмейинче эч нерсе оңолбойт.

Курултайда Кыргызстандагы саясий партиялардын максат, тилектери жакшы, бирок аларды ишке ашырууда саясий маданият менен өз ара ынтымак жетишпейт деген ой баса белгиленди. “Социал-демократтар” партиясынын курултайга мейман катары катышкан мүчөсү Иса Өмүркуловдун оюнда, азыр партиялар арасындагы биримдик зарыл:

- Бөлүнүп көрдүк, натыйжасы эмне болду аны да көрдүк. Бөлүнүү же кошулуу деген партиялардын өз эрки. Бирок, лидерлердин тегерегинде чогулбай бир идеянын тегерегинде чогулушубуз керек.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдун баамында, партиялардын биримдиги зарыл экендигин турмуш өзү аныктап койду, бирок саясий маданият аксап турат:

- Саясий партиялардын бийликти колго алабыз деген максатынан башка жалпы идеясы болсо биригүү болушу мүмкүн. Экинчиден, саясий партиялардын көбөйүп кеткендигинин себеби, ошол партиялардын лидерлеринин жеке амбициясына гана байланыштуу болуп жатат. Партиялардын программалары жана башка максаттарынын баары эле окшош. Бирок, саясий партия лидерлеринин, мүчөлөрүнүн саясий маданияты жогоруламайынча саясат жүргүзүү, демократияны орнотуу деген ойлордун баары ураан боюнча эле калып калат.

XS
SM
MD
LG