Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

ПАСЕ: АРМЕНИЯДА “ЖӨЖӨ” САНОО УЧУРУ КЕЛДИ


Европа Кеңешинин Парламенттик жыйыны (PACE/ПАСЕ) келээрки аптада, июндун 23үнөн 27сине чейин өзүнүн жайкы отурумун өткөрөт. Франциянын Страсбург шаарында өтүүчү бул отурумда Түркия менен Азербайжандагы демократиялык реформалар тагдыры сыяктуу маселелерден тышкары, Армениядагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/F8203806-5C83-4CDC-819A-EB9777F2446B.ASP соңку кырдаал, расмий Еревандын өз милдеттенмелерин кантип аткарып жаткандыгы тууралуу атайын талкуу болоору күтүлүүдө. Армян президенти Серж Саркисяндын “Азаттыктын” интернет барагында жарыяланган соңку макаласына караганда, өкмөт реформаларды улантууга ынтызар. Оппозиция болсо өлкө бийлиги демократиялык багыттан четтеди деп бийликти сынга алууда.

Европа Кеңешинин башкы органдарынын бири - Парламенттик жыйындын – ПАСЕнин өкүлүнүн айтымында, анын пленардык отурумунда Армениядагы кырдаал тууралуу талкуу болоорун бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

20-июнда жарыяланган ПАСЕнин билдирүүсүндө 16-17-июнда Арменияга кыска иш сапар менен барып кайткан ПАСЕнин Байкоо жүргүзүү комитетинин баяндамачылары расмий Ереван өз милдеттенмелерин жетишсиз аткарган деген бүтүмгө келгени айтылат.

Маселен, баяндамачылардын бири, француз сенатору Жорж Коломбье (Georges Colombier) “Азаттык” үчүн маек куруп, Армениядагы саясий туткундар тагдыры сыяктуу маселелерде алигиче жылыш болбогонун тастыктады:

- Өткөн апрелде Европа Кеңеши 1609-номурлуу резолюцияны кабыл алгандан бери армян бийлиги биздин бир катар талаптарды аткарууда, маселен, мыйзамдарды өзгөртүү жаатында, алдыга кыйла жылыш жасаганы айдан ачык. Биз аларды саясий камактагылар жаатында чукул арада жооп берүүгө чакырып жатабыз. Абактарда чындап мыйзам бузууга баргандар гана калууга тийиш.

ПАСЕнин жогоруда айтылган 1609-номурлуу резолюциясында камтылган талаптардын арасында март айындагы полиция менен оппозициячыл демонстранттардын кагылышуусун көз карандысыз жана ачык тергөөгө алуу такилиби бар.

Февралдагы президенттик шайлоого нааразы болгондор менен полициянын марттагы бул кагылышуусу маалында он киши набыт болгон.

Андан тышкары, ПАСЕ февралдагы шайлоодон кийин саясий камакка кириптер болгондордун баарын эркиндикке чыгарууну Еревандан талап кылууда.

Жакында (16-17-июнда) мурдагы британ өкмөт башчысынын орун басары Жон Прескотт (John Prescott) менен бирге Арменияга барып, окуяларды жеринен таразалап кайткан сенатор Коломбье, балким, бул өлкөнүн Еврокеңештин Парламенттик жыйынындагы добуш берүү укугун убактылуу алып салуу керектир, бирок Ереван менен баарлашуу жараянын үзгүлтүксүз улантуу абзел деп санайт:

- Европа Кеңеши тарабынан киргизилчү чектөөлөр дароо эле саясий камактагыларга боштондук бере албайт. Армения менен баарлашууну токтотуу - бул өлкөнү кайра демократиялык өнүгүү нугуна кайтаруу үчүн мыкты жол деп айта албайм. Армяндар болгону соңку 16 жылда гана демократия тажрыйбасын баштан кечирүүдө. Кимге болсо да айгинеленгендей, ал түгүл эки кылымдар бери жумурият болгон Франция сыяктуу эски демократиялык өлкөлөрдө деле биз кээде айрым мүчүлүштүктөрдү оңдоого тийиш болуп жатпайбызбы.

Ал эми Армениянын президенти Серж Саркисян “Эркин Европа – Азаттык үналгысы” үчүн жиберген серебинде февралдагы шайлоодон кийинки саясий партиялардын тирешүүсүнөн соң, каршылаш тараптарды ынтымакка чакырып, кеңири коалицияга оппозиция өкүлдөрүн киргизүү аракетин жасап жатканын маалымдады. Анын оюнча, Армения демократиялык багыттан эч тайбайт.

Жума күнү (20-июнда) болсо Еревандын чордонуна бир нече он миңдеген киши нааразылык демонстрацияга чогулуп, өкмөттөн февралдагы шайлоонун расмий жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Бийлик уруксат бербегенине карабай өткөрүлгөн бул ири нааразылык чарасынын катышуучуларынын оюнча, мурдагы өкмөт башчысы Серж Саркисян шайлоодогу добуштарды бурмалоо жолу менен гана мамлекет башчысы болуп калды жана анын атаандашы, мурдагы президент Левон Тер-Петросян чындап алган добуштар “желип кетти”, ошондуктан өлкөдө кайрадан мыйзамдуу шайлоо өткөрүү абзел.

Эми армян оппозициясы кезектеги нааразылык жыйынын июль айынын башында, ПАСЕнин отуруму тийешелүү бүтүм чыгарган соң өткөрүүгө беленденүүдө.

Айтмакчы, Европа Кеңешинин Парламенттик жыйынында Армения маселесинен тышкары, Түркиядагы жана Азербайжандагы демократиялык институттардын азыркы акыбалы, ошондой эле Европанын өзүндөгү демократиялык жараян, аялдар укугу, айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйлөрү сыяктуу маселелер да каралаары күтүлөт.

Сүрөттө: Армениянын ордо шаарында 2008-жылы 3-мартта өткөн ири нааразылык жыйыны маалындагы танктар.

XS
SM
MD
LG