Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

ОРУСИЯЛЫКТАР ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Ишембиден жекшембиге караган түнү миңдеген орусиялыктар көчөгө чыгып, өз футбол курамасынын чейрек финалда голландиялык кураманы жеңгенин майрамдашты. Пост-советтик Орусия алгачкы жолу футболдо ушундай ири баскычка чейин жетип отурат. Ал түгүл Бишкекте да орустарга тилектештер көчөдө сайрандап жүрүштү. Бүгүн кечинде болсо Испания менен Италиянын курамалары чейрек финалда күч сынашмакчы.

Жүз миңдеген маскөөлүктөр жекшембиге караган таңда өлкө курамасынын сейрек
финалда айтылуу голландиялык футболчулар тобун утушун дал ушундайча шапар тээп белгилешти.

Бул окуядан саясатчылар да четте калган жок. Орус президенти Дмитрий Медведев өзү да курама командага чалып, кошумча убакытта 3:1 эсебинде жеңишке жетишкени үчүн аларды куттуктады. Ал оюндун жыйынтыгын өтө татынакай жеңиш деп баалаганын Медведевдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул беттешүүдө оболу Роман Павлюченко эсеп ачып, андан соң 86-мүнөттө голланд оюнчусу Рууд Ван Нистелроой (Ruud van Nistelrooy) эсепти теңдөөгө жетишти.

Андан соң кошумча убакыттын экинчи жарымында Дмитрий Торбинский менен Андрей Аршавин өз күйөрмандарын чексиз кубанычка бөлөгөн жеңиштүү топторду киргизишти.

Эми бул окуяларга алатоолук күйөрмандар жана футбол адистери кандай баа бергени тууралуу азыноолак сөз кыла кетели.

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр тандалма командасынын башкы машыктыруучусу Токтонгон Элтиновдун пикиринде чейрек финалда орусиялыктар жакшы ойноп, жарым финалга татыктуу чыгышты.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Орусия жана Голландия курамаларынын чейрек финалдык беттешүүсү тууралуу өз ой-пикирлерин “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтымында мелдеш курч мүнүздү өттү, орусиялыктар эми финалга чыгып, чемпиондукка талапкер болушу да ыктымал.

Айбек: - Бул ирет орусиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөттү. Алар быйыл башында начар ойногону менен чечүүчү таймашууларда жакшы ойноду. Айрыкча чабуулчу Андрей Арвашин башкы каарман болуп, командасынын жарым финалга чыгуусуна зор салым кошту.

Алмаз:- Чынында эле орусиялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири боло алышаарын айкын далилдеп койду. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча орусиялык чабуулчулар Роман Павлюченко, Андрей Аршавин чеберчиликтерин көрсөтүп, мыкты ойноду.

Майрамбек: -Ошентип орусиялыктар голландиялыктарды 3:1 эсебинде жеңип, жарым финалда ойномок болду.

Бүгүн 22-июнда чейрек финалдык акыркы төртүнчү беттешүүдө Италия менен Испаниянын футболчулары беттешет.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде бүгүнкү Италия менен Испаниянын беттешүүсү да кызыктуу өтөт.

Еврпоа чемпионатынын жарым финалдык оюндары 25-26-июнга белгиленген.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG