Президенттин иш башкармалыгына караган “Аврора” эс алуу жайынын директору Замир Бообеков, бул санаторий өзүн-өзү актай албай калгандыктан өткөн жылы он гектар жерди сатууга аргасыз болгонун маалымдаган эле. “Авроранын” айланасында жашаган мурдагы “Комсомол”, азыркы “Булансөгөтү” айылынын жашоочулары быйыл көлгө өтө албай калганына нааразыланып, эс алуу жайдын алдына чыгышты. Эл менен сүйлөшүүгө келген Ысыккөл райондук бийлигинин тиешелүү өкүлдөрүнө ардагер, тарыхчы Чорчоев мындай деди:
- Артынан кетесиңер, эл талаада калды. Эч айырмасы жок, Акаев кандай болсо так ошондой болуп жатат. Эл куурап жатат. Бүттү, көлгө кире албай калдык. Азыр эми бул жерди Бакиевдин иниси менен баласы экөө алып алды. Эч нерсе кыла албай калдык.
Тарыхчы Чорчоевдин Максим Бакиевдин көлдөн алган жерлери боюнча эмне үчүн ачыктабайсыңар деген тариздеги соболу да жергиликтүү бийлик тарабынан жоопсуз калды. Ал эми көл жээкке барган тургундарга “Аврора” эс алуу жайынын коопсуздук кызматкерлерин Булансөгөттүлүк дагы бир тургун төмөндөгүдөй сыпаттады.:
- Көлгө жол жок. Кичине балдар көлгө барса кароолчу балдар сабап коюшат экен.
Аты-жөнүн айткысы келбеген жаштар тобу көлгө акысыз киргизбесе, саясий акциялар башталаарын да билдирди:
- Жолду жаап коёбуз. Бул жерде миң түтүн бар, баары көтөрүлөт. Быйыл сезон болбой калат. Бозтери, Чолпонатанын да жаштары жардам беребиз деп жатат.
Нааразылангандардын сөзү боюнча Максим Бакиевдин өкүлү келгиче “Аврора” эс алуу жайынын дарбазасынан бир кыз өтөйүн деди эле ага тоскоол болгон коопсуздук кызматы менен да араздашуу жүрүп кетти:
- Мына азыр көрдүңөр. Жергиликтүү кыз кире албай калды.
Бул жердеги коопсуздук кызматына нааразылык күч болгондуктан алардын бирөөсүнө кайрылганыбызда:
- Бизде ит жок. Биз деген тааныган жергиликтүү тургундарды киргизебиз. Тааныбагандарды киргизбейбиз.
Аңгыча райондук аким Турусбек Мансуров менен он гектар жердин ээси келип жергиликтүү эл көл жээкке акысыз өтүүгө укук алганын маалымдаганда чогулгандар тарады. Аягында Максим Бакиевдин өкүлү делген Рустам Юнусбаевди сөзгө тартканыбызда ал президенттик үйбүлө менен байланышы жок экенин белгиледи:
- Мен “Инвест Трест” жоопкерчилиги чектелген компаниянын жетекчисимин. “Аврорадан” он гектар жер алып, аларга 25 котедж бекер салып берип жатам. Биздин компания боюнча ушак көп. Президенттин баласы биздин компанияда эмес. Көйгөй чыкса эле бийлик же болбосо үй бүлөөгө асыла бермей болуп калдык. Бул туура эмес.