Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Македонияда журналист киши өлтүрдү деп айыпталып камакка алынды


Македониялык полиция үч аялдын өлүмү боюнча шек түшкөн жергиликтүү бир журналистти камакка алганы кабардалууда. Франс-пресс агенттигинин македон полиция өкүлүнө шилтеме кылып маалымдашынча, камакка алынган Владо Танески аттуу журналист Кичево шаарчасынын айланасында аялдарды уурдап, зордуктап туруп өлтүргөн жана андан соң бул кылмыштуу окуялар тууралуу иликтеген кабарлар даярдаган деп айыпталууда. Полициянын айтымында, алиги журналист өз кабарларында кылмыштын башка эч ким билбей турган аки-чүкүсүн жазып чыгып шек туудурган.

XS
SM
MD
LG