Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

9:30 Эртең ШКУ мамлекеттеринин маданият министрлери кеңешмеге чогулушат


24-25-июнда Бишкекте өтө турган иш-чарага даярдык толугу менен бүттү, деп билдирди маданият жана маалымат министри Султан Раев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда жыйында министрлер ШКУ мамлекет башчыларынын өткөн жылкы саммитинде кабыл алынган маданий тармактагы бир катар кызматташуу келишимдерин ишке ашырууну жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн быйыл август айында Дүйшөмбү шаарында өтө турган искусство фестивалына даярдыктарды талкуулашат. Мындан тышкары маданият министрлеринин кеңешмесинин максаты – ШКУ алкагындагы көп тараптуу маданий байланышты чыңдоо, ага мүчө өлкөлөрдүн тарыхы менен маданиятын, салт-санаасын жайылтуу болуп эсептелет.
Кеңешмеге Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жетекчилери катышып, Кыргызстан төрагалык кылмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG