Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

16:25 Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа Бишкекте


Ал бүгүн коргоо министри Бакытбек Калыев менен жолугушуп, ЖККУ алкагында кызматташууну улантуу тууралуу пикир алышты. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Николай Бордюжа ЖККУ өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн оперативдүү бириктирүү, тагыраак айтканда абадан коргонуу, байланыш жана башкаруунун эффективдүү жалпы системасын түзүүнү сунуштады. Анын сөзү боюнча Борбор Азия аймагындагы чукул чара көрүүчү биргелешкен күчтөрдүн улуттук түзүлүштөрүнө өзгөчө маани берилген. ЖККУнун Баш катчысы ушул эле күнү ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен да жолугушуп, ички иштер тармагындагы кызматташуу тууралуу баарлашты. Николай Бордюжа эртең мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен жолугат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG