Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

18:05 Ысыккөлдөгү дан эгиндери быйыл кургакчылыктан начар түшүм бергени турат


Көлдүк дыйкандар эгин талаасын быйыл 900 миң гектарга көбөйтүп, эртелеп айдаган эле. Бирок кургакчылыктан дан баш алып кетип, бою чабыкка илинбей калар коркунучу турат. Облустун айыл чарба башчысы Жолдошбек Байсеитовдун маалыматы боюнча чоң каналган түшкөн Жыргалаң суусу 7 кубга, Арашан суусу 2, Каракол чоң суусу 5 кубга азайган. Жамгырдан чогулган суу дагы 15 гана пайызды көрсөттү. Адистер муну мөңгүлөрдүн өз убагында ээрибегени менен байланыштырып атат. (RB)

XS
SM
MD
LG