Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Еврошаркет Иранга каршы жаңы санкцияларды макулдашты


Иранга талаштуу өзөктүк программасынан, уран байытууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарга моюн сунбаганынан улам киргизилип жаткан жаңы санкциялар бул өлкөнүн Мелли деп аталган банкынын Европада иштөөсүнө да тыюу салат. Мелли -Ирандын эң ири банкы. Еврошаркет бүгүн ошондой өзүнүн Кубага каршы киргизилген санкцияларын жойду жана бул Кубада демократиянын алга жылышына жардам берет деген үмүттө. Санкциялардын жоюлушу көп жагынан символикалык мүнөзгө гана ээ. Анткени Кубага каршы санкциялар 2005 –жылы токтотулган болчу. Иран жана Куба боюнча чечимдер Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы бүгүнкү жыйынында расмий бекитилди.

XS
SM
MD
LG