Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ЕВРОПА КЕҢЕШИ АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫН ТАЛКУУЛАЙТ


Үстүбүздөгү аптада Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) жайкы сессиясына чогулат. Күн тартибине башка маселелер менен катар Азербайжандагы адам укуктарынын абалы боюнча докладды угуу киргизилген. Өлкө Европа кеңешине мындан 7 жыл илгери кирген. Айрым жергиликтүү саясатчылар кеңеш өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө салым кошуудабы? - деп күмөн санашат. “Азаттык” радиосунун Азербайжан кызматынын кабарчылары Кенан Алиев жана Хадижа Исмаилова маселеге сереп салышкан эле.

Азербайжан Европа кеңешине кошулганда, өлкө постсоветтик жумурият деген даражадан Батыш мамлекеттеринин биримдигине карай олутту кадам жасады деп айтылып жүрдү эле.

ПАСЕнин Байкоочу комитети даярдаган докладда кемчиликтер менен катар айрым жетишкендиктер сөз кылынат. Азербайжан эгемендүүлүк алгандан бери бир да шайлоо эларалык стандарттарга ылайык өттү деп таанылган эмес. 3 журналист ушу тапта түрмөдө отурат. Чегарасыз кабарчылар уюму президент Илхам Алиевди маалымат каражаттарынын “жырткычы” деп атап жүрөт. Фриидом Хауз укук коргоо уюму бийлик өлкөнүн энергия байлыктарын демократияны басмырлоо үчүн пайдаланууда деп белгилейт. 2002-жылы Баку Европа кеңешине кошулгандан кийин уюм Азербайжанды жарым жартылай эркин мамлекеттирдин катарына кошкон. Ал эми 2005-жылы эркин эмес деп сыпаттаган. Былтыркы докладында болсо Фриидом Хауз өлкөдө сөз эркиндиги улам начарлап баратканын айткан. Бир катар башка эларалык укук коргоочу уюмдардын отчеттору да Азербайжан авторитаризм жолуна түшкөнүн айгинелейт, - дешет макала авторлору.

Байкоочу комитет даярдаган докладда сөз эркиндигин чектөө, оппозициялык журналисттерди камакка алуу, коркутуп-үркүтүү, ыдык көрсөтүү аркылуу куугунтуктоо, жарандардын эркин чогулуу укуктарын бузуу Европа кеңишин камтама кылат делинет.

Бир нече күн мурун “Азадлык” деген эркин гезиттин кабарчысы Агил Халилге өлкөдөн чыгууга уруксат берилбей койду. Жазында ири коррупция иштерин иликтеп жүргөн кабарчыны белгисиз бирөөлөр бычак менен сайып кетишкен. Ага чейин болсо Халил коркутуп-үркүтүүлөрдөн кийин катуу сабалган. Анын иши Батышта жана укук коргоо уюмдары арасында нааразылык жараткан. Ооруканада жаткан кабарчыны барып көргөн АКШнын Бакудагы элчиси Анн Дерс кылмышты ырайымсыздык деп сыпаттаган:

- Бул зомбулук жана журналисттерге каршы зордукчул кол салуулар Азербайжанда сынчыл апаздардын оозун жабуу аракетинде коркуу климатын орнотту.

Оң жылыштар тууралуу сөз кыла турган болсок, Азербайжан жарандары эми Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышат. Сот системасынын айрым тармактары реформаланууда. Бирок бул чөйрө коррупцияланган бойдон кала берүүдө.

ПАСЕнин төрагасы Луис Мария де Пуиг эмки жумада Бакуга барууга даярданууда. Сапар бюрократиялык процесстердин уландысы болуп калабы же камалган журналисттер, бурмаланган добуш берүүлөр маселеси козголобу?

Ушул жылдын октябрында Азербайжанда президенттик шайлоо өтөт. Илхам Алиев дагы бир мөөнөткө бийликте калууга аракеттенет деп күтүлүүдө.
ПАСЕ бул өнөктүк өлкөдөгү демократия үчүн сынак болуп калмакчы деп белгилейт. Макаланын авторлору болсо Европа кеңеши үчүн да шайлоо ири сынак болот дешет.

XS
SM
MD
LG