Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

А.Молдокадыров: Туристтик сезонго даярбыз


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өлкөнүн туризм тармагы учурда кандай абалда? “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Айбек Молдокадыров болуп, ушул жана башка суроолорго жооп берди.

- Айтсаңыз, азыр өтүп жаткан жайкы туристтик сезонго божомол кандай?

- Буюрса жалпысынан даярдык жакшы деп эсептеп атабыз. Ысыккөл жээгиндеги эс алуу жайларын барып көрүп келдик. Жалпысынан даяр деп айтсак болот, аба-ырайы дагы буюрса жакшы болду. Айтып кетчү нерсе, биз эксперттик топ экологдор менен барып көлдүн суусунун сапатын текшерип келдик. Үч эксперттик топ өздөрүнүн анализдерин чыгаргандан кийин көлдүн суусу сапаты жагынан ичкен сууга дагы жакын деген анализ чыгарды. Бул жакшы көрсөткүч. Биз ойлойбуз, ошондуктан туристтерге жалпы эле Кыргызстан туристтик сезонго даяр десек болот. Буюрса аба-ырайы жакшы болуп берсе бул туристтик сезон былтыркыга караганда кем болбойт, ошол эле деңгээлде болот деген оюбуз бар.

- Учурда парламент комитеттерине каралып жаткан туризм боюнча мыйзам долбоору тууралуу сөз кылсак. Ал долбоор тармакты өнүктүрүү боюнча кандай шарттарды камтыйт жана кандай өзгөчөлүктөр бар?

- Биздин туризм боюнча комитет Жогорку Кеңеште жаңы мыйзамдын долбоорун сунуш кылып, чогуу иштеп чыкканбыз. Ошону кечээ комитеттин жыйынында карадык. Ал жерде эски мыйзамга караганда жаңы жакшы долбоорлор бар. Эң негизгиси эски мыйзамда коопсуздук боюнча, сапат деген сөздүн мааниси, жаңы нормалар, пансионаттар сапаты боюнча эң негизги маселелер камтылган эмес болчу. Ошондуктан бүгүнкүгө чейин ошол маселе кыйын болуп келген. Бүгүнкү жаңы мыйзам долбоорунда ошондой түшүнүктөр пайда болду. Кечээ коомчулуктан өкүлдөр дагы катышкан комитеттин чечиминде ушундай кабыл алынды, ноябрь айына чейин туризм боюнча турфирмалар өзүнүн оюн айтса, ноябрда бардык жактардын оюн эске алып, жаңы мыйзам долбоорун кабыл алсак деген оюбуз бар.

- Быйыл Кыргызстанда өтөрү жарыяланган дүйнөлүк туризм сулуулар сынагы каражат жоктугунан үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы айтыла баштады. Ушундай болушу мүмкүнбү?

- Мындай иш-чаралар өзү коммерициялык жактан каралып жүргөн иш-чаралар. Ошондуктан бул жерде мамлекеттен бюджет каралган эмес. Ошондуктан демөөрчүлөрдү издегенден кийин гана бул өткөрүлөт. Бүгүнкү күнү демөрчүлөрдүн жоктугуна жараша бул маселе кичине жылышы мүмкүн. Эң негизгиси Кыргызстанга туризмге эч кандай таасир тийгизбейт деп.

- Бул сынак качанкыга белгиленген болчу?

- Бул сынак сентябрь айына белгиленген. Буга көп акча керек. Ошондуктан мамлекеттик эмес иш-чара болгондуктан Англиядан биздин уюштуруучуларыбыз демөөрчүлөрдү издеп жатышат. Бирок Кыргызстандан мамлекеттик бюджеттен акча каралбайт деп башынан эле сүйлөшүлгөн. Ошондуктан биз ойлойбуз эгерде демөөрчү табылса өтөт, демөөрчү табылбаса кандайдыр бир себептер менен эмки жылгабы же башка убакка жыла турган маселе каралып жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG