АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиса Райс Берлинге Палестинадагы коопсуздук маселеси боюнча шейшемби күнү ачылган эл аралык конференцияга катышуу үчүн келди. Мындан сырткары ал германиялык жана европалык расмий өкүлдөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү. Ушул апта ичи Райс ошондой эле Жапония, Түштүк Корея жана Кытайга барат.
"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Таллинин билдиргенине караганда, бир апталык сапардын эң маанилүү бөлүгү балким Жапониянын Киото шаары болмокчу. Жапония - Чоң сегиздин июлда өтүүчү быйылкы саммитинин конок ээси. Андыктан Киотодогу жолугушууда Чоң сегиздин лидерлери мунай проблемасына карата кандай чара көрөрү күн мурунтан талкууланышы керек.
Мунай демекчи ушул дүйшөмбү күнү анын бир баррелинин баасы 140 долларга чаап барды. Бул бир жыл мурдагыга караганда карай май эки эсеге жакын кымбаттады дегенди билдирет жана баа жакынкы аралыкта арзандоосу мүмкүн экенинин эч кандай белгиси байкалбайт.
Кымбаттоону дүйнөнүн эң ири мунай экспортоочусу - Сауд Аравиянын жаңы убадасы да токтото алган жок. Өткөн жекшемби күнү Жидда шаарындагы чукул саммите Сауд Аравия эгер эл аралык базар талап кылса, күндөлүк өндүрүштүн көлөмүн келкери айдан тарта дагы 200 миң баррелге көбөйтүп, 9,7 миллион баррелге жеткирүүгө даяр экенин билдирген эле.
Көпчүлүк байкоочулардын баамында, Сауд Аравияны өндүрүштү көбөйтүүсү базардагы суроо-талапты канааттандырууга жардам бере алат, бирок бул акыр аягында дүйнөнүн басымдуу басымдуу бөлүгүнүн мунайга көз карандылыгы мурдагыдан да көбөйөт дегенди туюндурат.
Стив Крицманн энергиянын альтернативалык булактарын аныктоо үстүндө иштеген " Oil Change International" уюмунун негиздөөчүсү жана аткаруучу директору. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Чоң сегиздин өлкөлөрү мунайга көз карандылыкты көбөйтпөө керектигин түшүрөт, бирок бааны арзандатуу жагынан мүмкүнчүлгү аз эле:
- Чоң сегиздин өлкөлөрү кыска мөөнөттөн алганда мунай баасы боюнча жасай ала турган нерсе көп эмес, бул -өкүнүчтүү чындык. Анткен менен Чоң сегиздин тобу жасай ала турган өтө пайдалуу нерсе биз мунайга көз карандылыкты жана керектөөнү азайтуу багытында колдон келгендин барын жасаган жатабыз деген ачык белги берүү. Бул өзгөчө мунайга жана көмүргө субсидия берүүнү эл аралык деңгээлде азайтууну жана токтотууну да камтыйт. Муну Чоң сегиздин тобу өз жыйындарында карап жатат.
Ал эми Чоң сегиздин лидерлери акыр аягында өз жарандарынын мунайды колдонууну азайтуу ниети бар экенин көргөзө алабы жана бул баанын арзандашына жардам береби? Вашингтондук эксперт Стив Крицмандын пикиринде, бул узак мөөнөттөн алганда гана мүмкүн. Ал үчүн мунайды эң көп сарптаган өлкөлөрдүн лидерлери шайлоочуларына азыркы баа кымбаттоонун жөн гана кезектеги айлампасы эмес экенин түшүндүрүүсү абзел:
- Менимче, Американын калкы, дүйнөнүн калкы бул кезектеги гана айлампа эмес экендиги, биз жогорулоо тенденциясын гана көрүп жатканыбыз жөнүндө ачык –айкын кабар алса, дүйнөдө мунай керектөөнү кыскартуу аракеттери башталса керек. Менимче,Чоң сегиздин өлкөлөрүнүн эли ушундай белгини сыртка канчалык тез бере баштаса, биз баарыбыз мунай баасы жагынан жакшыраак абалга ошончолук тезирээк келебиз.
Эгер башка нерсе орун албаса, ушунун өзү эле вашингтондук эксперт Крицманн кошумчалагандай, Чоң сегиздин быйылкы саммитинин баалуу жетишкендиги болмок.