Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

МУРДАГЫ АТКАМИНЕРЛЕРДЕН КУРАЛГАН КЫЙМЫЛ ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстанда “Бирдиктүү Кыргызстан” деген дагы бир кыймыл пайда болду. Ага Кыргызстанды совет доорунда башкарган Турдакун Усубалиев баштаган мурдагы бийлик өкүлдөрү менен илим, маданият, искусствонун белгилүү адамдары мүчө болушуп, саясий кеңеш менен аткаруучу катчылыгын шайлашты. Ошентсе да айрым саясат талдоочулардын баамында, экстерден куралган бул кыймыл коомчулукта колдоо табышы күмөн.

Кыймылдын мүчөсү, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин айтымында, жаңы кыймылды түзүүнүн башкы максаты - Кыргызстандын келечеги үчүн кам көрүү:

- Интеллигенция өлкөнүн бүгүнкү ахыбалын салмактап, кырдаал начарлап бараткандыгынан улам “Мен күйбөсөм ким күйөт” деген ой менен биригели, ар кандай программаларды түзүп жардам берели деп башын көтөрүп жатат,- деген Амангелди Муралиевдин баамында, кыймылдын аракеттеринин эң башкы багыты өлкөнү саясий-экономикалык кыйынчылыктан чыгарууга багытталган программаларды даярдап, өкмөткө сунуштоо жана аны ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакыруу:

- Жалаң эле глобалдык кризис эмес энергетика жана азык-түлүк кризиси өлкөнүн ички экономикалык кризиси болуп жатпайбы. Жакырчылыкты туйган элдин саны көбөйүп баратат, баалар өсүп жатат, өкмөт энергетика тармагын менчиктештиребиз деп, тарифтерди көтөрүп жатат. Өкмөт бул багытта эч кандай иш-чара көргөн жок деп белгилеп, анан өзүбүз программаларды жазганга болгон күчүбүздү жумшайлы деген чечимге келдик.

2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин ыңкылапка алып келген максаттар ишке ашпагандыгынан улам конституциялык реформа жасоо, экономикалык саясатты өзгөртүү,социалдык камкордукту күчөтүү максаттарын көздөгөн бир топ кыймылдар түзүлгөнү белгилүү. Бирок, алардын көбү атын жарыя кылган менен затын көргөзүүгө үлгүрбөй тарап кетишсе, айрымдарынын кандай иштер менен алек болуп жаткандыгы учурда белгисиз. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, ушундай жагдайдан улам жаңы түзүлгөн кыймыл коомдон колдоо табарына ишеним аз:

- Кыргызстанда эмне көп? Ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар менен саясий партиялар көп, бирок натыйжа жок. Себеби, азыркы бийлик андай нерселерге көңүл бургандан эбак эле калган. Ошон үчүн бул кыймылдан натыйжа болоруна күмөн күчтүү. Анын үстүнө мүчөлөрүн карасаңыз, көпчүлүгү мурунку бийликте жүргөндөр экен. Азыр эл интеллигенциянын сөзүн уккандан калган заман болду. Бийликке кошомат кылып атып интеллигенциянын деле баркы кетип калды. Азыр элди ким ойлойт? Элди ойлогон киши уюм түзбөй туруп эле башкача жол менен жардам берсе болот. Булардын аракетинен эч нерсе деле чыкпайт. Аларды уга турган бийлик жок жана эл буларды ээрчип жүрүп чарчаган.

Орозбек Молдалиев мындан тышкары мурда бийлик башында жүргөн адамдар азыркы бийликтен кызмат сурабаса да эл алдында болуп, кайсы бир артыкчылыктарга ээ болуу үчүн соодалашуу ниетинде кыймыл түзүшү да мүмкүндүгүн белгиледи.

“Бирдиктүү Кыргызстандын” мүчөсү, экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов мындай ойду дароо четке кагып, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Соодалаша турган азыр эч нерсе жок. Ушундай кыйын заманда мамлекеттин башында туруп, көп нерсени көргөн, тажрыйбалуу адамдар баштарын катып жатып алды, бирөөсүнүн да өзүнүн салымын кошоюн деген ниети жок, айрыкча улуттук интеллигенциянын пайдасы тийбей калды деген сөздөрдү кийинки убакта эл көп айтып жатпайбы! Ошондуктан, “Бирдиктүү Кыргызстан” деген кыймылдын башкы максаты элде болгон интеллектуалдык, саясий, коомдук тажрыйбаны консолидациялоо, саясий күчтөр менен алакалашып, компетенттүү кызматташуу. Эгерде бийлик ошол диалогго, биз сунуш кылчу программаларга даяр болсо кызматташууга баруу. Эгер андай болбосо сөз башкача болору турган иш.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев болсо акыркы кезде өз ич ара эки жакка бөлүнүп жаткан Кыргызстандын келечеги үчүн аттуу-баштуу адамдардан турган мындай кыймыл зарыл деген ойдо:

- Чындыгында бизге биримдик жетишпей жатат. Эгерде атына жараша заты болсо мындай кыймыл биримдик үчүн керек. Бирок, ал сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө болуш керек. Маселен, биримдик керек деп коюп, иш жүзүндө бул биздики экен, тигил башка экен деп экиге бөлүп коюп, эл алдына же телевизорго чыкканда ынтымактуу бололу деген эки жүздүүлүктүн кереги жок.Чындыгында, эл түндүк, түштүк болуп, бай, кедей болуп бөлүнүп жатышат. Ошон үчүн өлкөнүн түндүгүнөн болобу, түштүгүнөн болобу биздин аксакалдар элдин биримдиги үчүн деген кыймыл түзүп, анан жалпы улуттук идеологияны иштеп чыга турган мындай кыймыл зарыл.

XS
SM
MD
LG