Ага ылайык алтын сертификаты бар 50 бүтүрүүчү каалаган окуу жайына сынаксыз тапшыра алат. Ал эми калган абитуриенттер бюджеттик орундар үчүн ат салышып, аларды ар бир ЖОЖдо түзүлгөн атайы гранттык комиссиялар тандап алат. Негизги тест аркылуу керектүү балл топтой алган бүтүрүүчүлөр гана бюджеттик негизде окууга өз күчүн сынай алышат. Быйыл ЖОЖдордо абитуриенттерди кабыл алуу эки айлампа менен өтүп, биринчиси - 10 июлдан, ал эми экинчиси – 17 июлдан башталат. Эгер мындан кийин дагы ЖОЖдордо бош орундар кала турган болсо Билим берүү министрлиги үчүнчү айлампаны өткөрүүгө уруксаат бере алат. (EK)