Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

КУРУ УБАДА КУДАЙДЫ ДА ЖОК КЫЛАТ


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

“Алиби” гезити Ош тургундарынан атынан кат келгенин, адамдардын аты-жөнү жазылбаган кат кыргызстандыктарга кайрылуу менен президент Курманбек Бакиев өлкөнү үч жылда көтөрөм, экономиканы жакшыртам, коррупцияны азайтам, трайбализмди жок кылам деп убада бергенин, бирок ал башкарган үч жыл ичинде үйбүлөлүк-кландык мамлекет түзүлгөнүн, өлкөнү анын эң жакын адамдары өз кызыкчылыктарына жараша бөлүп-бөлүп алышканын, маселен Максим Бакиев энергетика жана банк тармагына көзөмөлдүк кылса, Жаныш Бакиев бүтүндөй сот системасы менен күч органдарына, Акмат Бакиев түштүк облусттары менен Жогорку Кеңешке көзөмөлдүк кыларын, түштүктүн кадыр-барктуу К. Туманов, М. Маматов, О. Маматов өңдүү адамдарынын менчиктери зомбулук менен тартылып алынганын, жылдар бою эмгектенген кишилер абакка салынып, түрмөгө олтургузулганын, алардын эркиндигинин акысы үчүн “Келечек” АКсы, эмерек заводу, ЦУМ жана башкалар Жаныш Бакиев жана анын түштүк аймагы боюнча өкүлүАкмат Бакиевдин колуна өткөнүн белгилеп, эл мындан ары карай чыдай албастыгын, Кыргызстандын кожоюну Бакиевдер эмес Кыргызстандын эли экендигин көрсөтө турган мезгил келгенин саймедиреген кат: “Биздин Атамбаев, Текебаев, Бабанов, Сариев, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу жигиттерибиз кайда?” деп аяктайт. Катка түшундүрмө берген гезит бийликтин кылыгына нааразы болгондор Ош, Жалал-Абад эле эмес Кыргызстандын бардык жеринде болуп атканын, өзгөчө мыйзамсыздык президенттин өз үйбүлө мүчөлөрү менен жакындары тарабынан жасалып келатканы жакындап калган катастрофаны каңкуулап жатканын, бийликтин сот иштерине атайын кийлигишип, түздөн түз буйрук берген фактылары толтура экендигин, гезит жакынкы сандарынан тартып сот жана күч органдарындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү жарыялай баштарын жар салды.

Ушул эле гезит белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровго кайрылып, “Бизде көз карандысыз саот системасы барбы?” деп суроо койгондо ал, Акүйдөн кандай буйрук болсо сот органдары ошону аткарарын, мыйзамга каршы чечим чыгарып беришерин айтуу менен мындай бир мисалды келтирген. Депутат кезинде “Сейил” пансионатын факты менен айтканын, Бакиев админстрациясынын укук бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиев Ысык-Көл райсоту менен облсот төрагаларын чакыртып алып: “Эмне үчүн “Сейил” панисонатын Ленин заводунун пайдасын чечип койдуңар, мен айткан кишиге берип, ал айткандай чечим чыгарасыңар” деп көрсөтмө бергенин, “ал” дегени Максим Бакиевдин колтугунда жүргөн белгилүү адам болуп чыкканын, анан ал эки судьяга сөөмөйүн кезеп :”Мен айткандай чечим чыгарып бересиңер, болбосо көзүңөрдү чукуйм” деп опузалаганын, ошентип Ысык-Көл райсоту да, облсоту да анын айтканындай чечим чыгарып бергенин, буга бийлик тарабынан эч кандай реакция болбогонун айтып жооп берген.

“Мэр Бишкектиктерге убада берген эле...” Мына ушундай аталыш менен жарык көргөн макаласында “Дело №” гезити Данияр Үсөновдун шаар башчысы болуп олтурары менен элге берген убадаларын санап чыккан. Данияр мырза үстөлгө минер замат “Ай сйын 20дан автобус келип турарын, жолкиреси арзан, өзү ыңгайлуу болорун өткөн күздө сүйүнчүлөгөнүн, бирок түштүк кореялык “архат-транс” аттуу компания менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн аягы туңгуюкка барып такалып, айтылган убадасы ошол бойдон “оммийин олакабар” болгонун, Данияр мырзанын басма сөз кызматы болсо мэр эч кандай убада берген эмес деп айтканын, Үсөнов болсо эми корейдики болбосо кытайдыкын апкелем деп Пекинге учуп кеткенин, шаар бюджетинен бул “же келет, же келбейт” автобустар үчүн 100 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Даниярдын андан кийинки убадасы “Мен Бишкекти Борбор Азиядагы эң жашыл шаарга айлантам” дегени болду эле, тилекке каршы Даниярдын айтканына баш ийбей эле бактардын бариктери мезгилинен эрте саргайып түшө баштады. Арыктарда алигиче суу жок. Шаар ичин сугарып жашылдандыруучу, асыресе, атакара турган иштери бир, бирок аталыштары ар башка мекекемелер бири-бирине шылтап тим болууда” деген гезит, акактай таза шаарга айланткысы келген Данияр мырза 2008-жылдын 1-январынан тартып таштанды ташуунун тарифин ар бир жаран үчүн мурдагы 6 сомдон 10 сомго көтөргөнүн, бирок шаар Даниярга чейин кандай болсо ошол эле бойдон калганын, болгону газондор куурап, бактар саргайып, көчөлөрдүн жыртыгы дагы көбөйгөнүн баяндаган басылма, Үсөновдун дагы бир “Шаардыктар мындан ары азык-түлүк проблемасы деген эмне экенин ноябрдан баштап эле унутат” деп мэр болгондун биринчи эле күнүндөгү басма сөз жыйынында бакылдап салганын, бирок “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” болуп, азык-түлүк Даниярдын айтканын каакы ордуна көрбөй асмандап кеткенин кеп кылып, биз Д. Үсөнов 1-вице-премьер министр болуп турганда “Кыргызстандын борбор шаарынын бүгүнкү кебете-кешпирине сиз уяласызбы?” деп сурасак жооп бербей койгон эле, көрсө бул адам эч нерседен уялбайт экен деп жазды.
XS
SM
MD
LG