Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Н.ЭГЕН: “МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮН УТУРЛАП” ДЕГЕН АТТАН ЧОЧУГАНДАР БОЛДУ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Учурда Москвада жашаган белгилүү кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген азыр “Манастын төрөлөшүн утурлап” аттуу даректүү публицистикалык тасмасын тартуу үчүн Кыргызстанда жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Нурбектин “Сеть” аттуу тасмасын болсо жакында Орусиянын биринчи каналы көрсөтө баштамакчы. “Азаттыктын” түз обосундагы бүгүнкү маектештеринин бири кинорежиссер Нурбек Эген болду.

- «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу тасмаңыз ушул жайда тартыла баштаары айтылган эле буга чейин. Тасманы тартуу башталдыбы?

- Бүт каармандарын таап алып, алар менен тыгыз байланышта болуп, алардын өмүр баянын, тагдырын, турмушун, досторун, тааныштарын, кандайча биздин каарман болуп чыга келди, кандай болуп мүнөз калыптанды, ошолордун баарын териштирип, иликтештирдик. кайсы окуялар киного кирет, анан кесиби жагынан кандай жумуштарды кылды эле, жумуштары менен башка элдерден эмне менен айырмаланат, эмнеси менен башка элдерге окшош, ошолордун баарын салыштырып, каармандар менен чогуу даярданып атабыз.

- Буга чейин фильмге каарман издеп, Кыргызстанды түрө кыдырып чыктыңыз эле. Кыргызстандан канча каарман таптыңыз?

- Айткандай эле, мен он деп ойлодум эле, бирок тогуз киши табылды.

- Ушул фильмдин аталышына кызыккандар да көп болуп жатса керек?

- Аябай. “Жакшы тилек жарым ырыс” дейт. Мен атын коюп атканда бир аз коркуп койдум эле, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп, аябай чоң максаттарды коюп, анан элдин көбүнө жагып атат. Көбү айтып атат, көп кыйналып атасың, атабыздын атын атаганда ушундай көп кыйын нерселер болот, башка эле ат коюп турбайсыңбы кино чыккыча деп. Башынан оозантып атап алган соң, кийин өзгөртүш кыйын экен. Канчалык кыйын болсо дагы эми фильмди даярдап атабыз.

- Ошол фильмдин мазмуну тууралуу биздин угармандарга дагы бир жолу айта кетсеңиз?

- Биринчиден, Кыргызстандагы жашап жаткан элдерден тогуз каарман алынды. Ошолордун турмушу, тагдыры, ойлору, шарттары аркылуу акыркы эгемендик алгандан кийинки убакта мамлекеттин тагдырын көрсөтүү. Экинчиси, ушул кишилер аркылуу өсүп келаткан жаштарга дух, үлгү, дем берүү. Ошондой эле чет жерде жүргөн көрүүчүлөргө, менин артымда көп көрүүчүлөр турат, мисалы орусиялык, америкалык, британиялык көрүүчүлөр, ошолор үчүн Кыргызстан ким азыркы күндө, кандай абалда, кандай шартта, ошолорду жеткирүү.

- Жакында Орусиянын биринчи каналы көрсөткөнү жаткан «Сеть» аттуу тасмаңыз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

- Бул Орусияда тартылган биринчи чоң тасма, компьютердик бузукулар, же орусча айтканда хакерлер жөнүндө. Мындай чоң тасманы хакерлер жөнүндө башка мамлекеттер тарта элек болсо керек эле. Себеби бул хакерлер жөнүндө гана эмес, адамдардын тагдыры жөнүндө. Өзүнүн оюна койбой, эркиндигин алып, мамлекеттин кызыкчылыгына иштеткендиги, ошондой эле кийин СССР бузулгандан кийин башка кишилердин кол алдында калып, ошолордун кызыкчылыгына иштегендер тууралуу.

- Бул тасма качан көрсөтүлө баштамакчы?

- 30-июнда.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG