Гүлмира Асанова – эки кыз, бир уулдун энеси. Ал жумасына үч ирээт уулу Кайратты ээрчитип, гимнастика спорт борборуна барат. Муну менен ал уулунун ден-соолугуна кам көрүп келет:
- Уулум алты жашта, ал 1,5 жылдан бери гимнастикага келип машыгууда. Ал буга чейин көп ооручу, ошондуктан кийин өзүнүн ден-соолугуна пайдалуу болсун деп, ушул жака алып келдим. Анан дагы дарыгерлерге тез-тез кайрылып турабыз. Ден-соолук болушу үчүн тамак-аш жакшы болушу керек. Жашылча жана жер жемиштерди балдар көбүрөөк жеп, сүт азыктарын дагы ичиши керек. Баардык ата-энелер балдарынын ден-соолугу чың болушун каалайт. Бирок келип эле баары каражатка такалып жатпайбы.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын саны 5 млн 150 миңден ашуун адамды түзөт. Анын 7% жакыны - 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштар. Дал ушул курактагы өспүрүмдөр арасында ооруга чалдыккандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Коркунучтуу көрүнүштөрдүн бири катары жаштар арасында ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын көбөйгөнү айтылды. Кызыгы – жыныстык жолдор аркылуу таралуучу сифилис, гонерея сыяктуу жугуштуу ооруларга жана баңги заттарга болгон көз карандылык өспүрүмдөр арасында төмөндөгөн экен.
24-июндан тарта Бириккен улуттар уюмунун калкты отурукташтыруу бөлүмү жаштардын ден-соолугун чыңдоо боюнча үч күндүк улуттук семинарын өткөрүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири репродуктивдүү саламаттык боюнча улуттук координатор Чолпон Асамбаева:
- Тилекке каршы, жыныстык жол менен жуга турган оорулар күч алууда. ВИЧ СПИД илдетине чалдыккандардын арасында жаштардын саны аз эмес. Ошондой эле өспүрүм кезде бойго бүтүү жана бойдон алдыруу сыяктуу мисалдардын көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Бул проблемаларды чечиш үчүн Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо мнистрлиги, эл аралык жана бей өкмөт уюмдар жалпы олтуруп, бирдиктүү стратегияны иштеп чыгып, сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүшүбүз керек.
Кыргызстанда дени сак муунду өстүрүп чыгуу максатында «Манас» программасы 2005-жылга чейин иштеп, азыр анын экинчи этабы «Манас таалими» деген аталышта улантылууда. Андан тышкары, «Жаңы муун» программасынын алкагында жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүү менен репродуктивдүү саламаттык боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, анын алкагында кокустан бойго бүтүү, бойдон алдыруу, ар кандай жугуштуу оорулардан сактануу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы педиатры Элвира Таялиева “Жаштардын ден-соолугу дарыгерлерге гана көз каранды эмес, бул экономикалык абалга да байланыштуу” деген пикирде:
- Өспүрүмдөрдүн ден-соолугу тууралуу айта турган болсок, 2007-жылдын жыйынтыганда кургак учук жана ВИЧ/СПИД оорусуна чалдыккандардын саны өткөн жылдагы көрсөткүчтөн ашкан жок. Бирок, башка ооруларга чалдыккандар мындай туруктуу көрсөткүчтөргө ээ эмес. Аларда жогорулоо байкалууда. Жаштардын ден-соолугу бир гана саламаттык сактоо тармагына байланыштуу эмес, бул элдин социалдык абалына да жараша болот.
Адистердин баамында, дени сак муунду өстүрүп чыгуу үчүн мыкты жазылган стратегиялык программа бар. Анын алкагында өспүрүмдөр витаминдештирилген тамак-аш, мыкты медициналык камкордук, репродуктивдүү саламаттык менен камсыз болуп, спорт менен машыгууга баардык шарттар менен камсыз кылынышы айтылган. Бирок маселенин баары ошол стратегиянын кагаз бетинде гана калып, иштеп кетишине акча жетпей турган чак.