- Алгач айтсаңыз, “Де-факто” басылмасынын тегерегиндеги соңку окуяларды кандай баалайсыз?
-
Бул албетте чоң саясий маселе болуп калды. Бийлик жеке эле “Де-факто” эмес, сөз эркиндигине, адам укуктарына чабуул жасап жатат. Мындай учурда бүт коомчулук, саясий күчтөр “Де-факто” гезитин сактап калууга аракет көрүш керек.
- Дүйнөдөгү эркиндикке, сөз эркиндигине абай салган эл аралык Фридом Хауз уюмунун өткөн аптада жарыяланган отчетунда Кыргызстанда бул жааттагы абал начарлап баратканы айтылат. Ошол эле учурда айрым серепчилер бул абал мындан да начарлашы ыктымалдыгын айтып жатышат. Сиздин баамыңызда, сөз эркиндиги боюнча кырдаал эми мындан ары кандай болушу мүмкүн?
-
Бул абал мындан ары да курчуп, начарлашы ыктымал. “Де-фактого” каршы чабуулду бийлик атайын уюштуруп атат десек болот. Гезит өтө курч материалдарды жазып турган. Эгер бийлик арданса гезитке эмес, экономикалык-социалдык маселелерге көңүл бурса жакшы болмок, бир гезитке асылып калбай.
- Эки күн мурда коомдук парламенттин демилгеси менен “Кыргызстандын энерготармагын сактайбыз” аттуу жарандык коалиция түзүлөөрү жарыяланды. Мындай бирикме түзүүнүн кандай зарылдыгы бар эле?
Энергетика бүгүн жөнөкөй бир экономикалык эмес, саясий, социалдык, керек болсо Кыргызстандын келечегине чоң таасир этүүчү фактор болуп атат. Ошондуктан саясий партиялар менен коомдук уюмдардын жыйынында бул тармакты сактап калуу аракетин көрүү боюнча сөз болду. Анткени кыргыз элинин тагдыры да ушул энергетика маселеси кандай чечилгенине байланыштуу. Баягыда ХИПК программасына коомчулук кандай каршы турду эле. Азыр да ошондой аракеттерди көрөлү деп айрым партиялар, коомдук уюмдар сунуш кылышты. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер болот.
- Бирикме кандай иш-аракет жүргүзөт?
Ал сүйлөшүп-кеңешүүлөрдөн кийин белгилүү болот. Белгилүү болгондой буга чейин коомдук уюмдар тарабынан энергетика маселелери боюнча комиссия түзүлүп, сунуштарын парламентке, өкмөткө берген. Бирок ал кабыл алынган эмес. Биздин сунуштар да кабыл алынбаса сентябрдан баштап ар кандай акцияларды өткөрүшүбүз мүмкүн.
- Коомдук парламенттин алдыдагы иш аракеттери кандай болмокчу
Азыр коомдук парламенттин мүчөлөрү жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт. Бизде азыр негизинен көйгөйлүү үч маселе бар. Алар: энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, сөз эркиндиги жана адам укуктары. Ушул маселелер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Андан аркы иш-аракетибиз күзүндө белгилүү болот.
- Маегиңизге рахмат!