Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

К. БАКИЕВ РЕВОЛЮЦИЯНЫН ДАЛЫСЫНА КАНЖАР УРДУБУ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Белгилүү окуялардан улам жарык көрө албай атып бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитинин суроолоруна жооп берген белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, байыркы Римде Цезарды өлтүргөндөрдүн арасында анын шакирти, эң жакын адамы Брут деген турганын, ошол далыга канжар сайганын, кечээ эле элдик революцияга чейин оппозициялык бирикменин, андан кийин мамлекеттин башчысы болуп “демократия, революция” деп жүргөн Бакиев 16-декабрда саясый брутизмди жасагандардын башында турганын, бул эми “нукура демократиялык жолго түшөбүз” деп улуу үмүт менен жүргөндөр үчүн, анын ичинде өзү үчүн да трагедия болгондугун кеп кылды. Топчубек мырза андан ары, бир кезде “Кыргыздын ыйык жерлерин башка өлкөлөргө берип атат, сатып атат, бара-бара өлкөнүн көз карандысыздыгы Акүйдүн короосу менен чектелип калат го” деп Акаевга доомат койгон Адахан мырза ЖКга төрага боло калып, Каркыраны казактарга өткөргөнгө чоң салым кошконун, баш бийликтегилердин кылганын көрүп-билип туруп унчукпай макул болуп Ү. Сыдыков, Досбол Нур уулу, А. Жапаров, И. Исаков олтурганын, бийликке, өзгөчө президентке болгон ишеним, улуу үмүт, жакшылыкты күтүү азыр миллиондогон элдин ишенбөөчүлүгүнө, кыжырлануусуна айланганын, президентти эл колдобой тургандыгын, бардык жерде наалат айтып атканын, бийлик алмашса экен, өлкөнү башкаруу ыйманы таза, эл-жер деген башчылардын колуна тезирээк өтсө экен деген ой, тилек, үмүт Кыргызстанды кыдырып жүргөнүн, Жаныш мырзанын “Де-фактону” күм-жам кылабыз деп аша чапканын жамы журт жактырбаганын, Токтогул суу сактагычынан биздин башчыларга таңгак-таңгак пул берип Өзбекстанга сууну ачтырып келатышканын, президент Бакиев болсо ушуларды кызматтан алып, соттотуунун ордуна “тезек тергиле!” дегенине токтолгон саясатчы “Ушу да президенттин айтар сөзүбү?” деп, эгерде башчы өзү эң мыкты сапатка ээ болуп, айтканын аткарып, айланасына мыктыларды топтосо анда вазирлери, шакирттери да жакшы болорун, тескерисинче башчы начар болсо айланасына ыйманы жоктор, шүдүңгүттөр, шылуундар, шумпайлар топтолорун, эгер Бакиевдин деңгээли бийик болгондо Чудинов менен Балкыбековго окшогондорду шакирт кылмак эместигин, буга чейин Бакиевди эчен курдай колдоп келсе, эми андан такыр түңүлгөнүн, алданып калганын, ал эле эмес, бүтүндөй эл алданганын, эми мындан ары күрөшөрүн, өлкөнүн өйдөлөп өсө баштаганын көрүп алып анан о дүйнө кетсе ыраазы болорун айтып чыкты.

Ушул эле гезит экс-мамкатчы кезинде А. Мадумаров “Мисс туризм-2008” эларалык конкурс дегенин ойлоп таап, жөн турбай анысын дүйнөнүн булуң-бурчуна рекламалап жиберип, эми аны өткөрүү күнү жакындаган сайын абийир төгүлгөнү турганын маалымдады. Анткени, А. Мадумаров менен министр Т. Мамашев мырзалар Джон Синг аттуу артында шеги бар адам менен келишим түзүп, Кыргызстанга 127 өлкөдөн мен деген чүрөктөр келмек болгонун, азыр ошол Синг мырза конкурс үчүн 3 миллион доллар бересиңер деп жөөлөсө, Турсубек мырза мындай акча жок эле деп кыпылдап, өкмөтү болсо Адахан экөөң “кайдан тапсаң андан тап” болуп тынып олтурат деп баяндады. Гезит ошондой эле А. Мадумаров кызматтан кеткенине катуу таарынып, катынын коркуткансып, Акүйдү коркутуп атканын, баш прокурор Э. Сатыбалдиев жалаң бизнес менен акчадан башканы ойлобогон Д.Үсөновго ал уюштурган лотерая утуштарына ар кайсыл ишкерелерге акча бөлдүрүп атканына сөөмөй кезегенин, Т. Сариев курултай өткөрүп, оппозициянын ана башына айлангысы келсе, “Акшумкар” партиясын түзгөн К. Байболов бизнесин кучактап Казакстанда калкаланып жүргөнүн, айрым саясат жилигин чаккандар күзүндө Т. Сариев менен А. Мадумаров биригет деп көзү ачыктык кылышканын, өлкөнү 24 жыл башкарган аксакал Турдакун Усубалиев башында турган, басымдуу бөлүгүн акаевчилер түзгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы президенттик шайлоого А. Муралиевди таптап жатканын маалымдады.

“Общественный рейтинг” гезити быйыл Ысык-Көлдө эс алуу баасы канча каражатты талап кылат дегенге жооп издеди. Туризм компаниялары боюнча менеджер Ирина Бенцианова, пансионаттарга минималдуу деген путевкалардын баасы суикасына киши башына 400 сом, максималдуу дегендери суткасына 300 долларга чейин жеткенин, маселен 400 сомдук путевкага бир адамдын бир күнкү жашаганы гана кирсе, 450 сомдугуна тамак-ашы да кошуларын айтат. Ушу кезде эң эле популярдуу жана кымбат пансионаттарга “Радуга”, “Карвен Четыре Сезона”, “Ак Бермет”, “Рахат”, “Кыргызское взморье” жана “Аврора” кирерин, анча кымбат эмес, бирок эл көп баргысы келген пансионаттардын бири “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты экенин кошумчалаган айым өткөн 2007-жылга салыштырганда путевкалардын баасы 50 пайызга кымбаттаганын, көлдө эс ала турган меймандар көбүнчө Казакстан менен Орусиядан келерин кошумчалады. Ысык-Көлдүк жеке ишкер Светлана Касымбекова болсо Чолпон-Ата шаарындагы квартиралардын акысы киши башына 300 сом, ал эми көлгө жакын жердеги үйлөрдүкү 700 сом, эгер бул суммага дагы 500 сом кошсо тамак-ашын да жасап берерин билдирди.

Ошентип, деп белгилейт гезит, баалардын кутургандай өсүшү эс алам дегендерди да акырындап Ысык-Көлдөн качырарын, пансионат ээлери болсо мындан ары карай ушунтип чөнтөгү калың чет өлкөлүк туристтердин келишин кудайданн тилеп, шарт-ыңгпайдын баарын ошолордун талабына жараша жасай бере турган болсо, анда чокою жыртык чоң кыргыз көлдүн көркүнө түшүп суктанмак мындай турсун, аны алыстан көрүп алганга гана каниет кылып калар бекен атаганат, ким билет деп жазды.
XS
SM
MD
LG