Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

ОШТУК ММКлар ЭТНИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ КАНДАЙ ЧАГЫЛДЫРЫШАТ?


Оштогу ММК өкүлдөрү катышкан чоң жыйында бир катар коомдук, мамлекеттик уюмдар өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарында этникалык маселелер дээрлик чагылдырылбайт деп кабатырлангандыгын билдиришти. Ошол эле учурда жергиликтүү ММКлардын жетекчилери мындай дооматтарды четке кагууда.

«Түштүк вектор» медиа борборунун директору Светлана Гафарованын айтымында, Кыргызстанда, анын ичинде Ош жергесинде 80 чакты улуттун өкүлдөрү жашап, эмгектенет. Тилекке каршы, алардын турмушу өкмөттүк маалымат каражаттарында дээрлик аз чагылдырылат:

- Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. Ошондуктан, эркин массалык маалымат каражаттарын айтпай эле коелу, өкмөттүк басылмаларда жана телерадиодо ошол этностордун жашоо-шарты, көйгөйлөрү козголуп турушу шарт эле. Тилекке каршы, журналисттер оперативдүүлүк жана сабаттуулук жагынан аксап жатышат. Мунун айынан түпкү улуттан башкалардын турмушу дээрлик аз чагылдырлгандыктан, калк арасында нааразычылыктар арбын. Ошон үчүн бул багытта мамлекеттик туруктуу саясат зарыл болуп турат.

Ал эми Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн улуттар аралык байланыш секторунун башчысы Антонина Захарова мындай дейт:

- Мобул жагдайга көүүл бурбасак, көп нерседен уттурабыз. Бизди кыжаалат кылган орчундуу маселелердин бири – журналисттердин этно-маданий жактан компетенттүүлүгү өтө төмөн. Ушул өңүттө туруктуу иш жүргүзүү абзел.

“АКИпресс-Фергана” маалымат агенттигинин редактору Зинакан Пасаүова сындай бергенден майнап чыкпастыган айтып, андан көрө кесиптештерин окутуу оң натыйжа берээрине ишенет.

Деген менен шаардык «Ош шамы» гезитинин баш редактору Талантбек Моңолбаев жогорудагы айрым коомдук, мамлекеттик уюмдардын жана кесиптештеринин пикирине таптакыр кошулбайт. Анын баамында, каржылык кыйынчылыктарга карабастан Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин кыргыз, орус, өзбек тилдериндеги басылмалары жума сайын жарык көрүүдө. Ал эми Ош шаардык гезитинде да этникалык саясат көңүл сыртында калган жери жок.

- Ош көп улуттуу шаар. Ошондуктан, калаада этникалык маселеге сергек мамиле жасалат. А түгүл бул жаатта проблема болушу да мүмкүн эмес. Кайсыдыр бир улуттун кызыкчылыгы чагылдырылбай жатат дегени арык аттап, суу кечпейт. Үч тилде жарык көрүп жаткан шаардык «Ош шамы» гезитинде көп кырдуу көйгөйлөр жарыяланып турат. Мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана кээ бир кенсиптештеримдин пикирине кошула албайм. Себеби, бизди мэрия каржылагандыктан, үзглтүксүз чыгып, калаа тургундарынын турмушун кеүири жазып келатабыз.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Анара Үсөнова бийликтин бүгүнкү кырдаалга карата көз карашына төмөнкүчө токтолду:

- Ушинтип айтаар элем, этникалык саясатты илгерилетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өтө маанилүү жана абдан керек. Ошондуктан, мында башка мамлекеттердин бул өңүттөгү тажрыйбаларын да пайдаланууга тийишпиз. Эгерде адам баласындагы көп түрдүүлүктүн баркына жетсек, анда Ош облусунун өнүгүшүнө чоң өбөлгө жаралмакчы.
XS
SM
MD
LG