Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

ЕВРОПА КЕҢЕШИ ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨРҮНӨ КАРАТА КАТУУ ТУРУМДА


Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (PАСЕ) үстүбүздөгү жумада жайкы сессиясына чогулду. Адатта жумшактыгы үчүн сындалып келген уюм бул жолу жаңы мүчө мамлекеттердеги адам укуктарынын абалын катуу сындады.

PАСЕнин катуу сынына бир катар жаңы мүчөлөр, асыресе Азербайжан кабылды. Ассамблея Баку президенттик шайлоонун алдында адам укуктары чөйрөсүндө шашылыш чара көрүүгө тийш деген резолюция кабыл алды.

- Башында Европа кеңеши азери бийликтеринен 13 реформа жүргүзүүнү талап кылып, бир аз катуу турумду ээлеген. Кийин жагдай өзгөрдү. Европа кеңешинин расмий адамдары мамилесин жумшартып, Азербайжан бийлиги кеңештин айткандарына кош мамиле жасай башташты. Бирок, менимче, кеп Европа кеңешинин позициясында эмес, өлкөдөгү кырдаал ушунчалык олуттуу болуп калгандыктан, уюм чара көрүш керек деп чечти,- дейт Азаттыктын Баку бюросунун кабарчысы Хадижа Исмаилова.

PАСЕ өз резолюциясында Баку өкмөтүн бейтарап шайлоо комиссияларын түзүүгө, бардык саясий партияларга үгүт жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө жана оппозициянын демонстрацияларды өткөрүү укугун камсыздоого милдеттендирди.
Ассамблея оппозициялык журналисттерди куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүү Европа кеңешине мүчө өлкөдө орун албашы керек, - деп кескин белгилейт. Батыш камакка алынган 4 эркин журналистти саясий туткун деп эсептейт.

Арийне, Азербайжан өкмөтү жана бийликтеги партия резолюцияны объективдүү эмес деп четке какты. Исмаилованын пикиринде, өтө катаң чаралар гана Бакунун иш-аракеттерин өзгөрттүрө алат. Европа кеңеши өлкөнү мүчөлүктөн чыгарып коебуз деген бир эле механизди колдоно алат,- дейт журналист.

Страсбургдагы жыйында Армениянын дарегине да бир топ сын айтылды. Февралда президенттик шайлоодон кийин оппозициянын тарапкерлери менен полиция кагылышып, 10 киши каза тапкан. Окуядан кийн өлкөдө чукул кырдаал киргизилген.

Шаршембиде Страсбургда өткөн пресс-конференцияда Европа кеңешинин баш катчысы Терри Дэвис демонстранттардын өлүмү боюнча тергөө катуу көзөмөлгө алынганын билдирди:

- Ереван полициясы окуяны иликтеп, адам өлтүргөндөрдү аныктап, сот жообуна тартууга милдеттүү. Мен муну дайыма кайталай бермекчимин. Бир да иликтөө же тергөө демократиялык коомдо полицияны өз жоопкерчилигинен бошото албайт.

PАСЕ белгилегендей, грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвили былтыр жыл этегинде оппозициянын жыйынын күч менен таркаттырып, чукул кырдаал жарыялагандан кийин анын демократиялык бедели төмөндөп кетти. Ошол эле маалда 21-май күнкү парламенттик шайлоо, негизинен, эларалык стандарттарга ылайык өткөрүлгөнү белгиленет.

“Азаттыктын” грузин кызматынын жетекчиси Давид Какабадзе европалык парламентарийлер жумшак баа бергенин айтат:

- Айрым сын ойлорго карабай, менимче, доклад жалпысынан жумшак болду. Грузин делгациясынын мүчөсү да, мен кечээ аны менен маектешкенде, оппозиция документти окуганда нааразы болүшү мүмкүн деген. Бирок ал белгилегндей, оппозиция сөз кылган бир катар укук бузуулар катталган эмес, андыктан докладда чагылдырылган жок.

Оппозиция демекчи, Саакашвилинин ички сынчыларын да Европа кеңеши демократиялык алкактан чыкпоого үндөдү.

Мындай катуу билдирүүлөр PАСЕнин аброюнун жогорулушуна жардамдашышы ыктымал. Азырынча болсо бир катар мүчө-мамлекеттер адам укуктары чөйрөсүндө кеңештен катаң чараларды күтөт.

XS
SM
MD
LG