Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

МУГАБЕ ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУККА МОЮН СУНБАДЫ


Африканын Зимбабве өлкөсүндө бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Президент Роберт Мугабе добуш берүүнү токтото туруу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарга моюн сунбады. Дүйнө лидерлери шайлоо оппозиция талапкери Морган Цвангирай жарыштан чыгып кеткендигинен улам маанисин жоготорун эскертишкен эле. Оппозиция лидери өз чечимин жактоочуларынын өмүрү коркунучка кабылгандыгына байланыштырган. Эл аралык коомчулук эмне үчүн Мугабени кепке келтиргендей чара көрө алган жок?

Зимбабведеги президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 29-мартта эле өткөн. Жашы 84гө келип калган Роберт Мугабе биринчи айлампада оппозиция лидери Морган Цвангирайга уттурганы мындан эки айча мурда билингенде, анын 28 жылга созулган бийлиги бүтүп бара жаткандай көрүнгөн. Бирок баары кайра тескерисинен кетти. Эл аралык жамааттан, БУУнун Коопсуздук кеңешинен, коңшу өлкөлөрдөн айтылган айыптоолорго, чакырыктарга карабай президент Мугабе бүгүнкү шайлоо өтөрүн, демек ага жалгыз катышарын кечээ да ырастады. Мунун алдында башкаала Хараредеги митингде ал буларды айткан болчу:

- Алар Вашингтон, Лондон же башка жерден канчалык каалашса, ошончолук катуу чуу сала алышат. Биздин эл, биздин эл, башка бирөө эмес биздин эл гана чечет.

Демек эл аралык коомчулук эмне үчүн Мугабени ийге келтиргидей күч -кубатын көргөз алган жок. Мунун бир жолу, албетте, аскерий ыкма эле. Маселен оппозиция лидери Морган Цвангирай элди аларды эзгендерден бөлүп, демократиялык жараянды коргогудай калканч түзүү үчүн БУУнун көзөмөлү астында аскер жиберүүгө чакырган болчу. Бирок мындай чакырыкка азыр эч ким деле көңүл бөлчүдөй эмес. Британиянын эл аралык иштер боюнча падышалык институтунун Африка программасынын жетекчиси Томас Карджиллдин айтымында, Ирактан соң демократиянын наамы менен дагы бир өлкөгө аскер жиберүүнү баарынан мурда Африкадан аз эле мамлекет жактырчыдай:

- Бул жерде суверендүү мамлекеттер башкалардын ички иштеринде эмне жасай аларынын чеги бар. Улуттар уюмунун системасы өкмөттөрдүн аракети эл аралык мыйзамга жана тартипке коркунуч келтирет деп эсептелген шартта аскерий кийлигишүүгө мүмкүндүк берет. Бирок мен Зимбабведеги кырдаал БУУнун ушундай аракетине татырлык деген ишеничте эмесмин. Ошондой эле Африканын түштүгүндөгү өлкөлөр үчүн суверенитет жана кийлигишпөө, тарыхый жактан алганда, өтө чоң маселе.Түштүк Африка эле эмес, алардын көбү тышкы күчтөрдүн империалисттик интервенциясына каршы узакка күрөшкөн.

Ушундай эле ойго Түштүк Африканын Коопсуздукту изилдөө институтунун эксперти Черил Хендирикс да кошулат. Ал белгилегендей, Африканын көпчүлүк өлкөлөрү башка прагматикалык жүйөөдөн уламда Зимбабвеге аскерий чара колдонууга каршы:

- Түштүк Африканын алкагындагы Ангола жана Намбия өңдүү чечүүчү өлкөлөр кандай жөрөлгө түзүлөрүнөн кооптонушат. Кайсыл бир режимди өзгөртүү боюнча жөрөлгө түзүп койсоңуз, алар да алмашпаган шартта ушул нерсенин курмандыгы болуп калуусу мүмкүн.

1980 –жылы көз карандысыздык алганда Зимбабве континеттин жашоо стандартты эң жакшы өлкөсү эле. Азыр инфляциянын көрсөткүчү эң жогору мамлекет. Жумушсуздук бейрасмий маалымат боюнча 85%га чейин жетет. Эксперттердин баамында калктын басымдуу бөлүгү эптеп нан табуунун гана камын көрүп калган өлкө ыңкалапка деле даяр эместей.
Азыркы реалдуулукту эске алганда, дүйнө Мугабе бүгүнкү шайлоону бурмалаганын көргөндөн башка эч нерсе кыла алчыдай эмес.

Ал шайлоодон кийин сүйлөшүүгө ачык экенин айтты. Көпчүлүк азыр Зимбабве үчүн да эң жакшы дегенде жакынкы Кениянын тажрыйбасын ыраа көрүп жаткандай. Ал жерде удаама –удаа санкциялардан жана регионалдык ортомчулардын кийлигишүүсүнөн улам башкаруучу партия менен оппозиция бийлик бөлүшүүнү макулдашкан. Зимбабвенин саясий күчтөрү ушул багытка ыктайбы же жокпу? Муну убакыт көргөзмөкчү. Ал эми Нидерландиянын элчилигине башпаанектеп турган оппозиция лидери Морган Цвангирай шайлоодон кийин сүйлөшүү кеч болуп каларын айтууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG