Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

“РИГОЛЕТТА” ОПЕРАСЫ ТАРТУУЛАНАТ


“Риголетта” опреасы улуттук опера жана балет театрында мындан канча жыл мурда коюлган. Анда элге белгилүү болгон солистер Артык Мырзабаев, Акматаалы Тентимишов, Эркин Касымов, жана башка элге белгилүү артистер ырдашса, бул жолу көбүнчө жаш солистерди катыштырдык деп билдирди оюндун режиссеру Искендер Сартбаев.

Оюнда башкы ролду Риголеттанын образын кыргыз эл артисти Керим Орозбаев жаратууда. Керим Орозбаев 20 жылдан бери Риголетанын ролун энсеп келсе, улуттук опера жана балет театрынын жаш солисти Жеңишбек Сманов Керим Орозбаев менен бир сахнада ойносом деп тилек кылган. Анын бул тилеги орундалып, “Риголетта” операсында падышанын образын ойноодо:

- Улуттук опера жана балет театрынын артистери бул чыгармага бекеринен кайрылган жок. Негизи эле кайсы элдин опера балет театрын албайлы, репертуарында сөзсүз бул чыгарма бар- деген оюн айтты Искендер Сартбаев. Ал эми кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетова бул чыгарма көрүүчүлөрдү терең ойго сала турган психологиялык спектакль экенин белгиледи.

Эсен Нурмамбетова бул опера менен улуттук опера жана балет театрында чыгармачылык жолун баштаган:

- Андыктан бир канча жылдан кийин кайрадан бул операга кайрылып, жаштыгымды эске салып жатам.

Белгилүү италиялык композитор Джузепе Вердинин “Риголетта” операсы театр күйөрмандарына жекшемби күнү тартууланат. Бул оюн менен улуттук опеара жана балет театры кезектеги сезонун жабат.
XS
SM
MD
LG