Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

13:30 “Ак Жол” фракциясы жер казнасын иштетүүгө лицензия берүүнү иликтөө боюнча комиссия түздү


Комиссиянын курамына жети депутат киргизилүүсүн сунуш кылган “Ак Жол” фракциясынын депутаттары комиссиянын беш же алты мүчөсү “Акжолдон” болуусун сунуштоо менен Коммунисттер жана социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрүнүн пикир келишпестигин жаратышты. Коммунисттер менен социал-демократтар комиссиянын курамына кирүүдөн баш тартып, жалаң “Акжолчу” депутаттардан турган комиссия түзүлдү. Ал минералдык ресурстар жана геология боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казнасын иштетүүгө уруксат кагаз берүү ишмердүүлүгүн иликтөөгө алмакчы. Комиссиянын мүчөсү Кубанычбек Исабековдун айтуусунда иш бүгүн эле башталмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG