26–июнь күнү Иркутск аймактык декабристтер музейинин деректири Евгений Ячменевдун сөөгү табылган. Медициналык экспертиза ал муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмыш иши козголуп, бул иш боюнча курулуш иштеринде акча таап жүргөн эки кыргыз жараны кармалган. Сурак маалында шектелгендер кылмышты тоноо максатында жасаганын билдиришкен деп “АКИpress” маалымат агенттиги орусиялык ММКларга шилтеме жасап кабарлоодо. (ESu)