Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

МЕДЕТ БУКУЕВ: ЕВРОПА ЧЕМПИОНАТЫНДА НЕМИСТЕР УТАТ ГО


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Белгилүү болгондой, Европа чемпионатындагы кечээги таймашта ошентип Испаниянын курама командасы Орусиялык атаандаштарын 3:0 эсебинде жеңип алды. Ошентип эми баш байгени Испания менен Германия командалары талаша турган болду. “Азаттыктын” ушул оюндардын тегерегиндеги суроолоруна Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясынын вице-президенти Медет Букуев жооп берди.

- Алгач кечээги таймаш тууралуу сөз кылсак. Оюн купулунузга толдубу?

- Бул оюнду эки жагынан алып караса болот, жөнөкөй күйөрман катары, анан адис катары да. Күйөрман катары да, адис катары дагы мен ойлойм, бул оюн бардык жагынан төп келди. Бекеринен айтылбайт, күчтүүлөр жеңет деп. Дүйнө жүзүнүн футбол суйүүчүлөрү үчүн ушул айдын майрамы жакындап келатканын өзүңүздөр да көрүп атасыздар. Кечээги оюнда, мисалы биз мурунку КМШ өлкөлөрдүн курамындагылар Орусиянын тобун сүрөдүк. Бирок күчтүүлөр дагы бир жолу өзүлөрүн тактап койду, испандыктар биринчи жолу ойногондо 4:1 менен уткандагысын түндө дагы кайталап көрсөтүп, бүгүнкү күндө бир топ эле күчтүү экенин далилдеп беришти.

-Орус футболчуларынын ушул чемпионаттагы аракетин кандай бааладыңыз?

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, орус футболчулары араң-араң бирөөнүн жардамы менен чыкты дешип, күйөрмандардын көпчүлүгү булардын мынчалык алыска чуркарына ишенген эмес. Бирок, бир атты таптаса дагы жакшы саяпкер болсо, алыска чыгарарына дагы бир жолу ишенип атабыз. Анткени Гус Хидинктин чыны менен өтө чоң машыктыруучу экени бүгүн далилденди. Анткени буга чейин мынчалык орустардын командасы ийгиликке жетип көргөн эмес. Бул жөн гана тренер эмес, жөн гана тактика эмес, бардык командалардын деңгээлдери бирдей деңгээлге жеткен маалда, ошонун психологиялык жагын, оюнчулардын ар бирин төп келтире даярдап бериш - бул машыктыруучунун эң чоң жогорку деңгээли деп ойлойм.

- Мына эми баш байге үчүн Германия менен Испания командалары таймаша турган болуп калды. Сиздин божомолуңузда кимиси чемпион болушу мүмкүн?

- Бул жерде немистер дүйнөдө да, Европада да жетишкендик жагынан бир топ испандардан алдыда, өтө тырышчаак. Адистердин тили менен айтканда, прагматик деп коет. Результат үчүн ойногон команда. Мен ойлойм бул жагынан немистердин шансы бар. Ал эми испандарды ала турган болсок, алар өзүнүн темпераменти, оюн ыкмалары боюнча Түштүк Америка деп коет, же болбосо түштүк стилге жакыныраак деп айтышат. Ошон үчүн бул команда биринчи иретте эл үчүн, күйөрмандары үчүн ойноп, ошого көнүп калган. Мен ойлойм, кандайдыр бир анча-мынча немистердин артыкчылыгы бар го. Анткени, алар дайыма өтө оор маалдарда өзүлөрүнүн тырышчаактыгы менен көп жолу бизге маалым болгон. Ошондуктан немистерге койгонубуз туура болот го деп ойлойм, менин жекече оюм.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG